Кыргызстан Нидерладыны айыл чарбага технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга чакырды

Кыргызстан Нидерладыны айыл чарбага технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга чакырды

КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нидерланддар Королдугунун КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андре Карстенсти кабыл алуу учурунда айыл чарбаларга технологияларды киргизүү багытында тажрыйба алмашууга чакырды. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр Казакбаев Элчи Карстенсти дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады жана анын ишмердүүлүгүнө КРнын ТИМи ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Казакбаев КР менен Нидерланддар Королдугунун ортосунда айыл чарба жаатында тажрыйба алмашуу демилгесин көтөрдү, анткени азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн КР агроөнөр жай комплекси жаатында алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча Нидерланддардын практикасына кызыкдар.

Тараптар жашыл энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү курсун да белгилешти. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарынын бири курчап турган чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсү болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатында да кызматташуу жөнүндө макулдашышты. 2021-жылдын күз айларына эки тараптуу саясий консультациялар пландаштырылган жана Нидерланд тарабы ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна министр тарабынан чакырылганын министирликтин маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.