Кыргызстан 1-июлдан баштап ККМдин жаңы стандарттарына өтөт

Кыргызстан 1-июлдан баштап ККМдин жаңы стандарттарына өтөт

Мамлекеттик салык кызматы эртең, 1-июлдан тартып КРнын аймагында ККМди жаңы стандарттар боюнча колдонуу милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылаарын эске салат. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган күндөн тартып салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Ошондой эле, ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъекттер үчүн 1-июлдан тартып аны колдонуу милдеттүү болуп калат. Эскерте кетсек, сөз Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы:

  • соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 (он) чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу
  • кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу
  • коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү
  • соода залынын аянты 20 (жыйырма) чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттер жөнүндө  жүрүп жатат.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттер жаңы техникалык талаптарга ылайык:

  • 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу
  • дарыканаларда дары-дармек каражаттарын сатуу
  • 200дөн ашуун оруну бар жана/же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү
  • стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүү
  • медициналык лабораторияларда кызмат көрсөтүүлөр ККМди колдонууга милдеттендирилди.

Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъекттер администрациялык айып салууга тартылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.