Кыргызстан Future Policy Award 2021 алтын сыйлыгына ээ болду

Кыргызстан Future Policy Award 2021 алтын сыйлыгына ээ болду

Химиялык заттарды жана таштандыларды коопсуз башкаруу жаатындагы баш мыйзам актылары Future Policy Award 2021 сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган сыйлык көпчүлүк учурда мыкты саясаттын «Оскары» деп аталат жана ал химиялык заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруучу кыйла натыйжалуу саясий чечимдер үчүн берилет.

36 мамлекеттен көрсөтүлгөн 55 саясий чечимдердин ичинен алтынга татыктуу деп эки өлкө тандалды. 

1-Кыргызстан. КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы №43 «Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому.

2-Швеция, Стокгольм. Курчап турган чөйрө жана адамдардын ден-соолугу үчүн коркунучтуу химикаттардын этап-этабы менен тизмеси (2012-2016-ж.ж., 2017-2021-ж.ж. кайра каралган).

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Future Policy Award 2021 конкурсунун жеңүүчүлөрү жогорку деңгээлдеги виртуалдык сыйлык тапшыруу аземинде, андан соң, 8-июльда Берлинде «Химиялык заттар жана туруктуу өнүгүү» форумунда сыйланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.