«Ысык-Көл» аэропорту Оштон алгачкы каттамды тосуп алды
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 25-июнда бул жылда Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. «Тез Джет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош – Тамчы багытында 105 жүргүнчүнү, анын ичинде 12 баланы алып келди. Ал эми Тамчы – Ош багыты боюнча 88 жүргүнчү,