Кыргызстан суу жана канализация кызматтарын жакшыртуу үчүн инвестициялык пакет алды

Кыргызстан суу жана канализация кызматтарын жакшыртуу үчүн инвестициялык пакет алды

Кыргызстандын шаарлары суу жана канализация кызматтарын жакшыртуу үчүн атайын жабдууларды алышты. Сатып алуулар ЕРӨБ жана ЕИБ насыялары, ошондой эле Европа Биримдиги менен ГЭФтин гранттары аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу финансы институтунун маалымат кызматы билдирди.

КРнын региондорундагы алты муниципалдык суу ишканасы жаңы атайын техника менен камсыз болуп, суу жана канализация системаларын тейлөө кызматтарын жакшыртууга мүмкүндүк алышты. Бул жаңы жабдуулар Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Европа Биримдиги (ЕБ), Европалык Инвестициялык Банк (ЕИБ) жана Глобалдык Экологиялык Фонд (ГЭФ) тарабынан берилген инвестициялык пакеттин эсебинен каржыланган.

Алты шаарга бөлүнгөн инвестициялык пакеттин ичинде ЕРӨБдүн 4.02 млн доллар жана 6 млн евро узак мөөнөттүү насыялары, ЕИБдин 1.45 млн евро насыясы, ЕРӨБдүн 1 млн евро менен ГЭФтин 1.15 млн еврого барабар гранттары, ошондой эле Европа Биримдиги тарабынан инвестициялык жана техникалык колдоо үчүн грант түрүндө берилген 20.55 млн евро каралган.

  • Техникалык тейлөө үчүн 2.4 млн. евродон ашуун каражатка келген атайын унаалар жана жабдуулар алты шаарга жеткирилди
  • Сатып алуулар ЕРӨБ жана ЕИБ насыялары, ошондой эле Европа Биримдиги менен ГЭФтин гранттары аркылуу колдоого алынды
  • 165. 000 жергиликтүү тургун таза ичүүчү суу жана канализация кызматтары менен камсыз болушат

Долбоорлор ЕРӨБдүн жана донорлордун каржылык колдоосу менен КРнын Өкмөтү, муниципалитеттер жана суу менен камсыздоочу компаниялар менен биргеликте ишке ашырылууда.

Эскерте кетсек, 2014-2020-жылдар аралыгында Европа Биримдиги түрдүү секторлорду, анын ичинде билим берүү системасы, айыл жергесин комплекстүү өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу секторлорду колдоого КРга 174 млн еврого барабар көмөк көрсөткөн.  

Бүгүнкү күндө ЕРӨБ 191 долбоор аркылуу КРнын экономикасына 795 млн евролук инвестиция жасады.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу