Кыргызстандык уюмдар Канаданын премьер-министринен «Центерранын» ишмердүүлүгүн иликтөөнү суранышты

Кыргызстандык уюмдар Канаданын премьер-министринен «Центерранын» ишмердүүлүгүн иликтөөнү суранышты

Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы «КРнын коррупцияга каршы ишкерлер Кеңеши», «Туура кадам», Кыргызстандын Лидерлер Тармагы жана «Жаңы Муун» бейөкмөт уюмдары Канаданын премьер-министри Джастин Трюдодон Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдөгү ишмердүүлүгүн иликтеп берүүнү өтүнүштү.

«Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн жана тоолордун коопсуздугу» кырдаалына байланыштуу аталган уюмдар Канаданын премьер-министрине кат жолдошту. Анда экологиялык мыйзам бузуулар кылымдарды карыткан тоо ландшафттарынын жоголуп кетишине жана Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбордук Азиянын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылган дарыялардын агымынын булганышына алып келгендиги жазылган.

«Кыргызстандын жарандарынын атынан сизден Centerra Gold Inc. компаниясынын, ошондой эле Канаданын жарандары болгон «Центерранын» президенти баш болгон кызматкерлердин коррупциялык иштери боюнча тиешелүү тергөө жүргүзүүнү суранабыз», – деп айтылат катта.

Активисттер өз кайрылуусунда канадалык компания тарабынан мөңгүлөрдүн жылышын көзөмөлдөө системасынын өчүрүлгөндүгүн жана бул  жумушчулардын коопсуздугуна коркунуч туудурарын айтышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.