40 ишкер бизнести илгерилетүү мектебинде билим алууда

40 ишкер бизнести илгерилетүү мектебинде билим алууда

22-июндан 25-июнга чейин Ысык-Көлдө Кыргызстандын түндүк аймактарынан тандалып алынган 40 ишкер үчүн «Айылдык Табышкер» программасынын алкагында тренингдер өтүүдө. Бул тууралуу «Сорос» Фондунун маалымат кызматы билдирет.

Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 200 ишкер менен жеке маектешүүдөн кийин, мектептен өтүү үчүн мыкты арыздар тандалган. Үч күндүк мектептен кийин катышуучуларга бир нече айлык ментордук программа жана онлайн семинарлар өткөрүлөт.

«Айылдык Табышкер» программасы ишкерлерге рыноктун жаңы шарттарына ыңгайлашууга жана натыйжалуу илгерилетүү боюнча ачык маалыматтарды алууга жардам берүүгө багытталган.

Жакынкы аралыкта түштүк аймактардын ишкерлери менен таанышуу үчүн таанышуу тур пландаштырылып жатканын аталган Фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы учурунда орто жана чакан ишкерлер эң көп жабыркады. Бул шарттар жергиликтүү ишкерлерди жаңы чындыкка көнүп, онлайн режиминде жаңы чечимдерди табууга түрттү. Кыргызстанда көптөгөн ишкерлер өз кызматтарын жана өнүмдөрүн онлайн режиминде эффективдүү илгерилетүү боюнча билими аз. Андыктан жогорудагыдай иш-чаралар ишкерлердин ишмердүүлүгүнө чоң жардам берет деп билдиришти Фонддон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.