Назира Абдиева

IFC жана минкаб кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясынын пилоттук долбоорун иштеп чыгат

IFC жана минкаб кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясынын пилоттук долбоорун иштеп чыгат

Кыргызстанда кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясын куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен пилоттук долбоор иштелип чыгат. Бул долбоор келечекте башка долбоорлорду ишке киргизүү үчүн үлгү катары колдонулмакчы. 18-январда Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен министрлер кабинети күн станциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча өнөктөштүгү тууралуу жарыялашты. Ведомстводон билдиришкендей, IFC

Саламаттык сактоо министрлиги бир жылда чет элдик финансы институттарынан 38 млн евро жана 35 млн долларлык жардам алды

Гранттар жана кредиттер

Саламаттык сактоо министрлиги бир жылда чет элдик финансы институттарынан 38 млн евро жана 35 млн долларлык жардам алды

Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдагы “ийгиликтери” тууралуу отчеттук маалыматын жарыялады. Анда министрлик чет элдик финансы институттарынан 38.5 млн евро жана 35.5 млн долларлык жардам алганын айтат. Министрлик «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка 33 тез жардам автоунаасы жана Дүйнөлүк банктын эсебинен 69 санитардык автоунаалар сатылып алынганын белгиледи. Андан сырткары, ведомство

Япония Кыргызстанга  дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Гранттар жана кредиттер

Япония Кыргызстанга дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында Кыргызстандын төрт саламаттыкты сактоо уюму жаңы жабдууларды алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 2023-жылдын 17-январында Япониянын КРдагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында төмөнкү долбоорлор боюнча Гранттык келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Ага ылайык, төмөндөгү 4

Мамкызматкерлерге квартал сайын берилчү премиялар убактылуу токтойт, бирок 13-маяна берилет

Мамкызматкерлерге квартал сайын берилчү премиялар убактылуу токтойт, бирок 13-маяна берилет

Мамлекеттик кызматкерлерге квартал сайын берилчү сый акылар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Орунбеков Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, убактылуу токтотулган премия мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатканын белгиледи. “Буга чейин абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка”

ОКӨФ быйыл жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду ишке киргизет

ОКӨФ быйыл жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду ишке киргизет

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) 2023-жылы жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы ОКӨФ кредиттөө жана инвестициялык ишмердүүлүктү күчөтүп, жалпы суммасы 165 млн долларга 44 жаңы түз каржылоо инвестициялык долбоорлорун бекитти, бул 2021-жылга карата 6 эсеге көп.

«Кыргыз темир жолу» өткөн жылы 7.2 млн тонна жүк жана 248 миң жүргүнчү ташыды

«Кыргыз темир жолу» өткөн жылы 7.2 млн тонна жүк жана 248 миң жүргүнчү ташыды

“Кыргыз темир жолу” 7.2 млн тонна жүк жана 248.5 миң жүргүнчү ташыды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Салыштырмалуу 2021-жылдын 11 айында 6915 млн тонна жүк, 248 миң 585 жүргүнчү ташылган. Ишкана эл аралык каттам менен 12 миң 906 жүргүнчү ташыганын белгиледи. Кошумчалай кетсек, өлкө ичинде “Бишкек – Токмок”

Бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жатат

Бийлик

Бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жатат

MEGA уюлдук операторунун болжолдуу наркы 12 млрд сомго бааланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов билдирди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мамытов ишкана жылына 1.5 млрд сомдон ашык киреше табаарын, ал эми салыктар 820 млн сомдон ашык экенин белгиледи. Эске салсак, өткөн жылдын

TEZ JET авиакомпаниясы Жалал-Абадга каттамдарын кыштын аягына чейин кыскартты

TEZ JET авиакомпаниясы Жалал-Абадга каттамдарын кыштын аягына чейин кыскартты

Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багытындагы аба каттамдарынын саны жумасына төрт рейске чейин кыскарды. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына авиакомпаниянын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Буга чейин каттамдар күн сайын жүргүзүлүп келген, бирок жетекчилик кыш мезгилинде аларды жумасына төрткө чейин кыскартууну чечкен. «Учурдагы каттамдар туруктуу эле болот, бирок дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү

Миллиондору менен жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр мурасы» сыяктуу дагы бир «Аманат» деген ири холдинг түзүлөт

Бийлик

Миллиондору менен жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр мурасы» сыяктуу дагы бир «Аманат» деген ири холдинг түзүлөт

Бийлик “Аманат” Улуттук холдинг компаниясы” ААКты түзүп, анын уставдык капиталына мамлекеттин үлүшү бар чарбалык компанияларды өткөрүп берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Аталган маселелер боюнча жыйында депутаттарга Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы

Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстанда 2022-жылы эл аралык экспорттук жүк ташууга болгон суроо-талап өскөнү (+72%) байкалган. Мындай маалыматты эл аралык жүк ташуучу ATI.SU биржасы билдирди. Биржанын билдиргенине караганда, Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүк ташуулар боюнча суроо-талаптардын саны бир жылда 72%га өскөн, ошол эле учурда баалар да (+31%) өскөн. Жылдын биринчи жарымында өтө жакшы көрсөткүчтөр

ММБФ «Кыргызтелекомдун», «РСК», «Кыргызалтындын» 10% үлүштөрүн IPOго чыгарууну көздөөдө

ММБФ «Кыргызтелекомдун», «РСК», «Кыргызалтындын» 10% үлүштөрүн IPOго чыгарууну көздөөдө

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров мамлекеттик бир катар менчик объекттер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%), “Кыргызтелекомдун” (мамлекет — 77.84% Соцфонд — 12.51% жеке жана юридикалык жактар

«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды - ММБФ

Бизнес

«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды - ММБФ

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров “Эйр Кыргызстан” компаниясы банкрот болгонун маалымдады. Бакиров жыйында аталган компанияга карата Жогорку соттун чечими чыгып калганын айтты. “Эйр Кыргызстан” банкроттук деп табылды, андыктан мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан алынып салынды”, – деди