Дыйкандар айына сегиз сомдон гана төлөм төлөшөт, бирок пенсияга кеткен чыгым 40%ды түзөт - минкаб
Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Социалдык фондду өнүктүрүү жана калкты пенсиялык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, анда пенсияга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү. 2023-жылдын башында пенсионерлердин саны 740 миңге жакын саналат, жыл сайын алардын саны 40-50 миң адамга көбөйөт. «Мамлекет бардык жарандарыбызды татыктуу карылык менен камсыз кылууга милдеттүү.