Назира Абдиева

«Асман» шаары курула турган жер тилкеси трансформациядан өттү

«Асман» шаары курула турган жер тилкеси трансформациядан өттү

Бүгүн, 23-декабрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында жер тилкелерине жана мыйзамсыз курулган үйлөргө мунапыс берүү, аларды мыйзамдаштыруу боюнча маселе каралды. Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов трансформацияланган жерлер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2022-жылы Жер ресурстарынын кызматына кароого – бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча 94 материал келген.

Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үйдү мыйзамдаштыруу пландалууда

Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үйдү мыйзамдаштыруу пландалууда

Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үй мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди. Анын берген маалыматына таянсак, бул жылы президент Садыр Жапаров кол койгон жерге мунапыс берүү боюнча мыйзамга ылайык, 100 миңден ашык мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда. “Ошол эле учурда 32 миң

2022-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд сом трансферт болгон

Экономика

2022-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд сом трансферт болгон

Финансы министрлиги 2022-жылы жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн бюджет аралык трансферттер боюнча маалымат берди. Анда 2022-жылдын январь-ноябрында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд сом суммасында бюджет аралык трансферттер бөлүнгөнү айтылат. Теңдештирүүчү трансферттер – 1.3 млрд сомго каржыланган. Максаттуу трансферттер – 4.7 млрд сомго каржыланган. Алар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн: * Бийик тоолуу жана алыскы барууга

«Кыргызстан» санаториясын кайра курууга 31 млн доллар сарпташат – ордуна мейманкана, спорт комплекси, коттедждер курулат

«Кыргызстан» санаториясын кайра курууга 31 млн доллар сарпташат – ордуна мейманкана, спорт комплекси, коттедждер курулат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду «Кыргызстан» санаторийин өнүктүрүү боюнча бизнес-планы менен тааныштырды. Презентация Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жумушчу жолугушууда өттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди. Фонддун өкүлдөрү Кыргызстанда санаториялык-курорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүүнү көздөп жатышканын айтышты. Долбоор 32 объекттин курулушун камтыйт. Буга чейин Туризм боюнча улуттук кеңеш

Республика өсүмдүк майы менен өзүн өзү 20% гана камсыз кылат

Республика өсүмдүк майы менен өзүн өзү 20% гана камсыз кылат

Азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуудагы 11 айдын жыйынтыгы тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат берди. Анын айтымында, 2022-жылдын январь-октябрь айларына карата түшүмдүүлүк жогору болгон жана экспорт-импортту эсепке алуу менен: * нан азыктары боюнча – 124.7 % * картошка – 234.6 % * сүт – 117.8 %, эт – 103.5% * жашылча

Бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га, мал чарбасынын азыктары 350%га өстү

Бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га, мал чарбасынын азыктары 350%га өстү

Кыргызстандын айыл чарба жана мал чарбачылыгындагы кайра иштетилген азыктар кошуна өлкөлөрдүн базарында суроо-талапка ээ болуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га өстү. “Ал эми мал чарба азыктары болсо 350%

Быйыл Кыргызстан эт азыгы менен өзүн 89%га камсыз кылды

Быйыл Кыргызстан эт азыгы менен өзүн 89%га камсыз кылды

2022-жылы Кыргызстан канаттуулар эти, мал чарбачылыгынан өндүрүлгөн эт азыктары менен өзүн өзү 89%га камсыз кылды. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр жогору. 2021-жылы өлкө өзүн азыктык буудай менен 40%га камсыздаган болсо, быйыл ал көрсөткүч

КР алтынды БАЭге Лондон биржасынын баасы менен, ал эми Түркияга 6 эсе арзан сатты

КР алтынды БАЭге Лондон биржасынын баасы менен, ал эми Түркияга 6 эсе арзан сатты

2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 69.4 кг алтын сатты. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистикалык комитеттин өз ара соода боюнча отчетунда айтылат. Алтындын басымдуу бөлүгү Түркияга сатылган. Анда 64.4 килограммдан ашык сатылган. Сатуулардын жалпы суммасы 609.6 миң долларды түзүп, Түркия алтындын бир граммын

Жыл башынан бери Кыргызстанга 29 миң автоунаа импорттолгон - көбү Грузия, Корея жана Россиядан келген

Жыл башынан бери Кыргызстанга 29 миң автоунаа импорттолгон - көбү Грузия, Корея жана Россиядан келген

Үстүбүздөгү жылдын он айында Кыргызстанга автоунаалардын импорту 29 миң 110 даананы түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик үч эсе кеп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди. Агенттиктин маалыматы боюнча, жеңил унаалардын импортунун жалпы баасы 345 млн доллардан ашты. Автоунаалардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтканда, 6463 даанасы дээрлик 12.5

Рублдин сомго карата расмий курсу 9%га төмөндөдү

Рублдин сомго карата расмий курсу 9%га төмөндөдү

Улуттук банк 23-декабрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын аныктады. Берилген маалыматтарга ылайык, рублден башка бардык негизги валюталардын курстары сомго карата салыштырмалуу туруктуу бойдон калган. * Доллардын курсу өзгөрүүсүз калды – 85.6800 сом * Евронун сомго карата курсу 0.01%га – 91.1292 сомго чейин жогорулады * Орус рублинин курсу 1.

ЖТПнын резиденттеринин акча жүгүртүүсү 2022-жылы 30 млн долларга жетти

ЖТПнын резиденттеринин акча жүгүртүүсү 2022-жылы 30 млн долларга жетти

Жогорку Технологиялар Паркынын (ЖТП) резиденттеринин саны 233 компанияга жетти. Алардын акча жүгүртүүсү, алдын ала маалыматтар боюнча 30 млн доллардан ашты. Бул тууралуу парктын маалымат кызматы билдирди. Белгиленгендей, ЖТП өтүп жаткан жылдын жыйынтыгын жаңы жылдык иш-чарада чыгарды, ага IT-компаниялардын, президенттик администрациянын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 2023-жылы ЖТП

КРнын экономикасына 20 млн сом салган инвестор 10 жылга виза ала алат

КРнын экономикасына 20 млн сом салган инвестор 10 жылга виза ала алат

21-декабрда Жогорку Кеңеште инвесторлорго КРга виза алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча мыйзам экинчи окууда каралып, кабыл алынган. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзам долбоорунда инвестиция үчүн КРда жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визанын жарактуулугун белгилөө сунушталууда. Экономикага же бюджетке 10 млн сомдон кем эмес инвестиция