Назира Абдиева

Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды

Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК Башкы прокуратура менен чогуу жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМКнын берген маалыматына таянсак, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.

Евронун расмий курсу 90 сомдон ашты

Евронун расмий курсу 90 сомдон ашты

Улуттук банк 15-декабрдан тарта чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын аныктады. Берилген маалыматтарга караганда, евро менен теңгенин сомго карата курсу көтөрүлүп, рублдин расмий курсу төмөндөп, доллар өзгөрүүсүз калды. * Доллардын курсу өзгөрүүсүз калды – 84.9500 сом * Евронун сомго карата курсу 0.89% – 90.3953 сомго чейин жогорулады * Орус рублинин курсу

БУУнун азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жаңы планы 91 млн долларга бааланды

БУУнун азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жаңы планы 91 млн долларга бааланды

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана КРнын министрлер кабинети 2023-2027-жылдарга карата БУУ ДАТПнын жаңы Өлкөнүн стратегиялык планын (ӨСП) ишке ашыруу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Программанын баасы – 91 млн доллар деп бааланды. ӨСП негизги мамлекеттик приоритеттерге, анын ичинде 2018-2040-жылдарга КРнын Улуттук өнүктүрүү стратегиясына жана 2026-жылга чейинки

«Элкарт» улуттук төлөм системасынын үлүшү дээрлик 60%га жетти

«Элкарт» улуттук төлөм системасынын үлүшү дээрлик 60%га жетти

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК кечээ, 13-декабрда «Элкарт» улуттук төлөм системасынын 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. «Элкарт» улуттук төлөм системасы түзүлгөндөн бери 2022-жылдын декабрына карата 21 коммерциялык банк, ошондой эле үч уюм тарабынан колдоого алынган. «Элкартты» Кыргызстандын аймагында 2 миңден ашык банкоматтар жана 16 миңден ашык POS-терминалдар кабыл алат.

«Бир айыл – бир азык» долбоорунун алкагында Бишкекте Улуттук бренд сынагы өтөт

«Бир айыл – бир азык» долбоорунун алкагында Бишкекте Улуттук бренд сынагы өтөт

Бишкекте, 16-декабрда, саат 9:30да Hyatt Regency Bishkek мейманканасында үч жылдан бери биринчи жолу КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте “Улуттук бренд таймашы Бир айыл – бир азык 2022” деп аталган сынакты өткөрөт. Экономика министрлигинин берген маалыматына таянсак, иш-чарага министр Данияр Амангельдиев, чет өлкөлөрдүн

Экономика министрлиги казинолордогу салык ставкаларын олуттуу түрдө төмөндөтүүнү сунуштады

Экономика министрлиги казинолордогу салык ставкаларын олуттуу түрдө төмөндөтүүнү сунуштады

КР Экономика министрлиги казинодогу оюн-зоок ишмердүүлүгүнө салыктын ставкалары боюнча министрлер кабинетинин токтомун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөн салыктык ставкалар эки жума мурда Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталгандан бир топ эле төмөн. Документке ылайык, Экономика министрлиги кумар оюндарына салыктын ставкаларын төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөөнү сунуштап жатат: * бир казино оюн столу үчүн: 2022-жылы – 450

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧК жумушчуларын 350 адамга кыскартты жана ишмердүүлүгүн токтотууда

Бизнес

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧК жумушчуларын 350 адамга кыскартты жана ишмердүүлүгүн токтотууда

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧК “Терек” жана “Тереккан” кендериндеги иштерин токтотуп, жумушчулардын 50%ын кыскарткан. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Turmush порталына берген маегинде айтылат. Жумушчу комиссия менен биргеликте «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерип жаткан Сыргабаев түрк инвесторлору жумушун улантып жатканын, бирок иш темпин жайлатып,

Кепилдик фонду «РСК банктын» насыя алуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берет

Кепилдик фонду «РСК банктын» насыя алуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берет

Кепилдик фонду, Мамлекеттик ипотекалык компания жана “РСК банк” ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди. Кепилдик фонду, МИК жана “РСК банктын” ортосундагы макулдашуу КРнын жарандары үчүн ипотекалык турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ипотека алуу үчүн жетиштүү баштапкы төлөмү жок банк кардарларына

Бүгүн Чүй облусунда карызы бар 3.5 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Чүй облусунда карызы бар 3.5 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Чүй электр тармактар ишканасы (ЧүПЭС) бүгүн, 14-декабрда 3.5 миң абоненттин электр энергиясын өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат. Электр энергияга болгон карызы үчүн турак-жай жана турак жайга кирбеген абоненттердин электр энергиясы бир күндө өчүрүлөт. Ыңгайсыздыкка кабылбоо үчүн ЧуПЭС абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Баткен жана Оштогу куралдуу кагылышууда жабыркагандардын 333 кредити жоюлду

Баткен жана Оштогу куралдуу кагылышууда жабыркагандардын 333 кредити жоюлду

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын негизинде 333 кредит жоюлган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Улуттук банктын берген маалыматына таянсак, 2022-жылдын 8-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына (ФКУ) 476 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 24 716 миң сом суммасында 333 кредит жоюлган, 53

Өзбекстан Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын иштетип жиберген – кийинчерээк кайтарып берүүнү убада кылууда

Өзбекстан Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын иштетип жиберген – кийинчерээк кайтарып берүүнү убада кылууда

Өзбекстан өз муктаждыгы үчүн Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын пайдаланган. Ташкент Бишкектин “электр карызын” жакын арада төлөп берүүнү убада кылууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги билдирди. Электр энергиясынын тартыштыгынан жана өлкө боюнча өчүрүү коркунучунан улам Өзбекстан Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын пайдаланып жатканын Sputnik агенттигине Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын

ИИМ таксисттерди лицензия алууга милдеттендирет жана оң рулдуу унаалар менен ташууга тыюу салат

ИИМ таксисттерди лицензия алууга милдеттендирет жана оң рулдуу унаалар менен ташууга тыюу салат

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоону көздөөдө. Лицензия алуу үчүн жеке жактар 500 сомдон, ишканалар 1000 сомдон төлөш керек болот. Мындай маалыматты 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди. Такси кызматын көрсөтүүгө лицензия