Баткен жана Оштогу куралдуу кагылышууда жабыркагандардын 333 кредити жоюлду

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын негизинде 333 кредит жоюлган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Улуттук банктын берген маалыматына таянсак, 2022-жылдын 8-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына (ФКУ) 476 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 24 716 миң сом суммасында 333 кредит жоюлган, 53 491 миң сом суммасында 202 кредит реструктуризацияланган.

“Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт”, – деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?

Баткен районуна жаңы аким барды