«Эти Бакыр Терексай» ЖЧК жумушчуларын 350 адамга кыскартты жана ишмердүүлүгүн токтотууда

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧК жумушчуларын 350 адамга кыскартты жана ишмердүүлүгүн токтотууда

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧК “Терек” жана “Тереккан” кендериндеги иштерин токтотуп, жумушчулардын 50%ын кыскарткан. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Turmush порталына берген маегинде айтылат.

Жумушчу комиссия менен биргеликте «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерип жаткан Сыргабаев түрк инвесторлору жумушун улантып жатканын, бирок иш темпин жайлатып, жумушчулардын санын кыскартканын айтты.

«Компания “Терек” жана “Тереккан” кендеринде жумушун токтотту, ага байланыштуу жумушчулардын саны 50%га кыскарды. Компаниянын өкүлдөрү геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыгы алар күткөндөй болбогонун, ага байланыштуу кен казууну токтотуу чечимине келгенин жарыялашты. Буга байланыштуу кенди мамлекет өзүнүн балансына алат жана ишти «Кыргызалтын» ААК жүргүзөт. Бүгүнкү күндө мүлктүн баасы, тартылган инвестициянын көлөмү, чыгашалар бааланып жатат», – деди Сыргабаев.

Убактылуу жумуштан бошотулган жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ишкана мамлекеттин балансына өтөөрү менен Сыргабаевдин айтымында, иш толук калыбына келет. Эки кенде 350дөн ашык жумушчу кыскартылган.

Эскерте кетсек, декабрдын башында министрлер кабинети «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн башкаруу үчүн Cengiz Holding A.S. компаниясынын ишин изилдөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Комиссияга 2022-жылдын 31-декабрынан тартып Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Терек, Тереккан жана Перевальное кендериндеги ишин токтотуу жана «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы үлүшүн «Кыргызалтын» ААКсына өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма берилген.

26-ноябрда өткөн элдик курултайда президент Садыр Жапаров Терек-Сай кенин иштетүү укугун мамлекетке толук өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

  • «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана, 25% үлүшү «Кыргызалтынга», 75%ы «Эти Бакырга» тагыраак айтканда, түркиялык Cengiz Holding конгломератына тиешелүү. Тоо-кен ишканасын түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы толук каржылап, жалпы 230 млн доллар инвестиция салган. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенип жаткан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган. Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга

Ишкер Media
Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.

Ишкер Media
Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жай менен камсыздалат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайлары бузулган тургундар менен жолугушту. Калаа башчысы бир дагы жаран турак жайсыз калбай турганын айтып, бузулган үйлөрдүн ордуна

Ишкер Media
Кыргызстан менен Россиянын  финансылык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын финансылык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков "Мульти Трансфер" эл аралык акча которуу системасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда акча которууларды жеңилдетүү, ишкерлер үчүн эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылуу жана финансылык кызматтарды өнүктүрүү маселелерин

Ишкер Media