Экономика министрлиги казинолордогу салык ставкаларын олуттуу түрдө төмөндөтүүнү сунуштады

Экономика министрлиги казинолордогу салык ставкаларын олуттуу түрдө төмөндөтүүнү сунуштады

КР Экономика министрлиги казинодогу оюн-зоок ишмердүүлүгүнө салыктын ставкалары боюнча министрлер кабинетинин токтомун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөн салыктык ставкалар эки жума мурда Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталгандан бир топ эле төмөн.

Документке ылайык, Экономика министрлиги кумар оюндарына салыктын ставкаларын төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөөнү сунуштап жатат:

  • бир казино оюн столу үчүн:
    2022-жылы – 450 миң сом
    2023-жылы – 600 миң сом
    2024-жылдан баштап – 750 миң сом.
  • оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын бир оюн автоматы үчүн:
    2022-жылы – 10 миң сом
    2023-жылы – 15 миң сом
    2024-жылдан баштап – 20 миң сом.

Эскерте кетсек, ноябрь айынын аягында Жогорку Кеңештин сайтында ушул эле токтомдо казинодо салыктын өлчөмүн жогорулатуу сунушталган. Аларга салыштырмалуу бул сунуш бир оюн үстөлүнө салыктын ставкаларын 40%га, ал эми оюн автоматтары үчүн салыктын ставкаларын беш эсеге төмөндөтүүнү кароодо.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда букмекердик конторанын бир кассасы менен тотализатордун салыктары боюнча сунуш жок болуп кеткен. Буга чейинки редакцияда букмекердик кеңселерден 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин салык алуу сунушталган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи