«Бир айыл – бир азык» долбоорунун алкагында Бишкекте Улуттук бренд сынагы өтөт

«Бир айыл – бир азык» долбоорунун алкагында Бишкекте Улуттук бренд сынагы өтөт

Бишкекте, 16-декабрда, саат 9:30да Hyatt Regency Bishkek мейманканасында үч жылдан бери биринчи жолу КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте “Улуттук бренд таймашы Бир айыл – бир азык 2022” деп аталган сынакты өткөрөт.

Экономика министрлигинин берген маалыматына таянсак, иш-чарага министр Данияр Амангельдиев, чет өлкөлөрдүн КРдагы элчилери катышышат.

Эскерте кетсек, буга чейин долбоордун алкагында Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жергиликтүү чийки заттан жасалган уникалдуу продукцияны иштеп чыгуу жана сатуу боюнча аймактык платформалар/бренддик комитеттер түзүлгөн. 2019-жылдын март айында долбоор ар бир региондон тандалып алынган бренддик продукцияларды чогултуп, жалпы улуттук товар конкурсун өткөргөн болчу (Биринчи Улуттук Бренд конкурсу 2019). Бирок кийинки жылдары COVID-19 кырдаалына байланыштуу токтоп калган.

Долбоор JICA жана КРнын Экономика министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып келет.

Долбоор ата мекендик ишкерлерге жалаң жергиликтүү ресурстардын эсебинен сапаттуу сертификацияланган продукцияны өндүрүүгө жардам берет. Долбоорлордун алкагында бал, табигый ширелер жана кыямдар, кийизден жасалган буюмдар ж.б.у.с товарлар чыгарылып, учурда Япония, Россия, Кытай, АКШ жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолуп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи