Сапар Акунбеков

Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун талкуулады

Экономика

Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун талкуулады

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Аймактык директору Чарльз Кормье менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, өзгөчө «Камбар-Ата 1» ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу долбоорун талкуулашты. МинКаб Төрагасынын орун басары бул долбоордун финансылык моделин сапаттуу түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстандын аймактарында аялдардын бизнес-инкубациясы ишке киргизилди

Бизнес

Кыргызстандын аймактарында аялдардын бизнес-инкубациясы ишке киргизилди

Accelerate Prosperity өлкөнүн түштүк аймактарындагы ишкер аялдар үчүн дээрлик бир жарым айга созула турган бизнес-инкубациясын баштады. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Такталгандай, дээрлик 200 инкубациялоо өтүнмөлөрүнүн ичинен 30 катышуучу тандалды. Ачылышта катышуучулар өздөрүнүн бизнес трекерлери менен, маркетинг, питчинг, салыктар жана башкалар жаатындагы эксперттер менен таанышышты. Инкубациялоонун жыйынтыгы боюнча программанын

Акылбек Жапаров кубанын премьер-министри менен жолукту

Саясат

Акылбек Жапаров кубанын премьер-министри менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочиде Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгилешти: соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөр, саламаттыкты сактоо жана туризм. Жапаров фармацевтика тармагындагы кызматташуунун келечегине токтолуп, кесиптешине учурда эл аралык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр

Жыл башынан бери 32.9 миң жаранга пенсия дайындалды

Жыл башынан бери 32.9 миң жаранга пенсия дайындалды

Соцфонд 2023-жылдын январь-май айларында 32 973 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу мекеме маалымдады. Маалыматка ылайык, 2023-жылы май айында 5317жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1501 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Бишкекте «Жашыл шаар» иш-чаралар планы талкууланды

Бишкекте «Жашыл шаар» иш-чаралар планы талкууланды

Бишкектин ар кайсы секторлорунун негизги кызыкдар тараптары «Жашыл шаар» иш-аракеттер планынын көз карашын жана стратегиялык максаттарын талкуулоо, шаардын туруктуу келечегин камсыз кылуу жана маанилүү трансформациялык иш-чаралардын кыскача тизмесин иштеп чыгуу үчүн чогулушту. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Кызыкдар тараптардын бул 3-семинары, буга чейинки эки ийгиликтүү семинардан кийин, Бишкектин

ЕӨБ Бишкекти өнүктүрүүгө көмөктөшөт – меморандумга кол койду

ЕӨБ Бишкекти өнүктүрүүгө көмөктөшөт – меморандумга кол койду

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар» шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин колдонууга көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Документке Сочи шаарында өтүп жаткан Евразиялык конгресстин алкагында кол коюлду.

Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

2023-жылдын 9-июнунда Балык чарба депараменти жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте уюштурулган КРнын «2024-2028-жылдарга балык чарбасын өнүктүрүү стратегиясын» талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Иш-чарада КРнын балык чарбасынын учурдагы абалы жана жакынкы 5 жылга Кыргыз Республикасынын аквакультурасын жана

Кыргызстандын көргөзмөсү Москвадагы «Саякат» форумунда ачылды

Кыргызстандын көргөзмөсү Москвадагы «Саякат» форумунда ачылды

Москвадагы ВДНХда «Саякат» ири туристик форумунун алкагында Кыргызстандын көргөзмөсү ачылыды. Бул көргөзмө 8-июндан 11-июнга чейин уланат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фонду билдирди. Көргөзмөдө даамдуу тамактар, улуттук оюндар, кызыктуу мастер-класстар, мода көргөзмөлөрү көрсөтүлөт. Мындан сырткары чоң бизнес пландар күн тартибинде пландаштырылган. Ал жерде Кыргызстандын турисстик компанияларынын өкүлдөрү жаңы өнөктөштөрдү таба алышат,

Дүйнөлүк банктын «чакан, кичи жана орто ишканаларга ыкчам колдоо көрсөтүү» долбоору миссиясы аяктады

Гранттар жана кредиттер

Дүйнөлүк банктын «чакан, кичи жана орто ишканаларга ыкчам колдоо көрсөтүү» долбоору миссиясы аяктады

Финансы министринин орун басары РустамТатиковдун Дүйнөлүк банк тарабынан долбоордун жетекчиси Э.Тодороки менен жыйынтыктоочу жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Жолугушууда миссиянын мүчөлөрү долбоорду ишке ашыруудагы олуттуу прогресс үчүн ыраазычылык билдирип, долбоордун келечеги, кийинки миссиянын алкагында долбоорго талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана өнөктөш банктар менен активдүү ишти

ЭКМ менен Дүйнөлүк банк өлкөнүн экономикалык меморандумун иштеп чыгууну улантат

ЭКМ менен Дүйнөлүк банк өлкөнүн экономикалык меморандумун иштеп чыгууну улантат

2023-жылдын 8-июнунда экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви мырза жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия аймагындагы макроэкономика, соода жана инвестиция боюнча  Глобал жетекчиси Антонио Нукифора мырза менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө Сейитов Дүйнөлүк банкка КРнын

Кыргызстан менен Казакстан чек арада биргелешкен соода-логистикалык борбор боюнча келишимге кол коюшту

Экономика

Кыргызстан менен Казакстан чек арада биргелешкен соода-логистикалык борбор боюнча келишимге кол коюшту

«Карасу-Ак тилек» өткөрүү пункттарынын жанына жаңы соода-логистикалык борбор курулат. Кыргызстан менен Казакстан бул комплексти куруу боюнча келишимге кол коюшту. Келишим ушул күндөрү Астанада өтүп жаткан Эл аралык Астана форумунун алкагында түзүлдү. Макулдашууга Казакстандын соода жана интеграция боюнча вице-премьер-министри Серик Жумангарин менен Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кол коюшту.

Баткен менен Фергананын ишкерлери кызматташуу боюнча келишим түздү

Бизнес

Баткен менен Фергананын ишкерлери кызматташуу боюнча келишим түздү

Баткен облусунун ишкерлерден турган делегациясы Өзбекстандын Фергана облусуна барышты. Бул тууралуу КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Фергана облусунун  ишкерлер үйүндө өткөн жолугушууда  Фергана жана Баткен облустарынын  ишкерлери инвестициялык жана соода экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын талкуулашты. Андан соң ишкерлер өз багыттары боюнча Фергана,