Бизнес маек
«Бизнес – эркектин иши деген түшүнүк өткөндө калды» – Анара Джумабаева
Кесипкөй адис айлык үчүн иштөөдөн чарчаган учурда жеке иш ачуу - ал үчүн моралдык жана материалдык канааттануу алуу үчүн айкын чечим болуп калмакчы. ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультетинин бүтүрүүчүсү Анара Джумабаева дагы ушундай кырдаалды башынан өткөргөн. Анара Эмилбековна жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин мектептерде жана университеттерде англис тилинен сабак берген,