Кыргызстандын валюта рыногундагы абал туруктуу – Улуттук банк

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал туруктуу – Улуттук банк

Азыркы учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

КРУБ чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлүп, валютага болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныктала тургандыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу курстун өсүшү сыяктуу эле төмөндөшү жагында өзгөрүлмөлүүлүктү байкоого болот.

«Банк жана банк эмес секторлору тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышына, анын ичинде калкты талаптагыдай тейлөөгө өзгөчө көңүл буруу менен алардын ишине талдоо жүргүзүп турат.  Алсак, коммерциялык банктар улуттук жана чет өлкө валюталарында кредиттерди берүү, депозиттерди кабыл алуу, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу ж.б. кызматтардын кеңири чөйрөсүн көрсөтүп жатышат. Банктарда жана алмашуу бюролорунда АКШ долларында жана орус рублинде нак акча каражаттарынын көлөмү жетиштүү, алмашуу операциялары эч кандай чектөөлөрсүз жүргүзүлүп жатат», - деп банк белгиледи.

Мамлекеттин төлөм системалары штаттык режимде ишин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.