Бишкек менен Льеж биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
Муниципалитетте Бельгия Королдугунун КРдагы элчиси Анри Вантигем менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарын жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн негизги долбоорлорун жана пландарын, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча өз ара мүмкүнчүлүктөрдү жана келечектүү тармактарды талкуулашты. Мындан тышкары, транспорт тармагын өнүктүрүү жана инженердик тармактарды