2023-жылы агроөнөр жай комплекси 6.8 млрд сомго каржыланды

2023-жылы агроөнөр жай комплекси 6.8 млрд сомго каржыланды

2023-жылга «Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбоорун ишке ашырууга 3 млрд сом каралып, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, мындан тышкары 3.8 млрд сом каралып, 2023 - жылдын май айында толугу менен каржыланды.

Жалпысынан 2023-жылдын 31-майына карата 6.8 млрд сом каржыланган, анын 2.3 млрд сому «РСК Банк» ААК тарабынан, 4.5 млрд сому «Айыл Банк» ААК тарабынан каржыланган.

2023-жылдын 31-майына карата жалпы суммасы 3.6 млрд сомду түзгөн 3273 жеңилдетилген кредиттер берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды