Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек.

Акча которуулардын артыкчылыктары:

  • Комиссия 0%*
  • Которуулар бир заматта чегерилет
  • Ыңгайлуу конверсия курстары

«Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот:

  • "Рекомендуем" бөлүмүнө кирип, "Переводы в Кыргызстан" - "На карту получателя" бөлүмүн тандаңыз.
  • Сумманы рубль менен киргизип, жөнөтүүчүнүн маалыматын толтуруңуз.
  • Алуучунун картасынын номерин киргизип, "Отправить" баскычын басыңыз.

Sendy тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот:

  • Башкы менюдан "Сделать перевод" - "Кыргызстан" дегенди тандаңыз.
  • ​Картанын номери боюнча которуу үчүн, «Перевод на карту» дегенди тандап - алуучунун картасынын номерин киргизиңиз. Сумманы киргизип - «Оплатить» баскычын басыңыз.

Комиссияны жөнөтүүчү төлөйт. Акча каражаттары рубль менен жөнөтүлөт, ал эми эсепке сом менен түшөт.

Компаньон Банкы менен Россиядан Кыргызстанга акча которууларды оңой жана пайдалуу жөнөтүңүз!

*Сенди тиркемесинде 8 000 рублдан ашык жөнөтүүдө комиссия 0%, 8 000 рублга чейин - 49 рубль.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media