Кыргызстан санарип валютасын чыгарат

Кыргызстан санарип валютасын чыгарат

Президент Садыр Жапаров бүгүн Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конланды кабыл алды. 

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары негизинде санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өлкө башчы билдиргендей, учурда Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук кеңештин Катчылыгы сомго байланган KGST санариптик активин иштеп чыгууда.

Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик электрондук валюта - санарип сом долбоору боюнча платформасынын демо-версиясы сыноо режиминде иштөөдө. Жакын арада долбоор реалдуу маалыматтар менен тестирлөө стадиясына өтөт.

Келечекте санарип сомду жана KGST активин интеграциялоо аркылуу өлкө ичиндеги жана эл аралык төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү пландалууда.

Binance өкүлү Рейчел Конлан компания бул демилгени колдоого даяр экенин белгилеп, Кыргызстан менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк, билим берүү жана технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.