Улуттук банк Telegram колдонмосунда алдамчылык жүрүп жатканын эскертти

Улуттук банк Telegram колдонмосунда алдамчылык жүрүп жатканын эскертти

Telegram интернет колдонмосунда жасалма документтер менен алдамчылыктын жаңы схемасы чыгып жатканын Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. 

 Тагыраагы регулятор жарандарга Telegram мессенджеринде “Гулдари | Мамлекеттик жардам” (@Guldari_kredit_bot) жана “Гулдари / Социалдык кредит” (@credit_guldari_bot) боттору аркылуу  алдамчылык схемасы таралыпы жатканын эскерткен. 

“Алдамчылар Улуттук банк логотиби менен жасалма документтерди колдонуп колдонуучуларды ар кандай манипуляциялар менен насыя алууга ишендирип жатышат. Эгер жарандар алдамчылардын курмандыгы болгонун түшүнсө банктык картаны дароо блоктоп, укук коргоо органдарына кайрылуулары керек”,-делет банктын маалыматында. 

Ошол себептен Улуттук банк мындай билдирүүлөргө ишенип, тааныш эмес адамдарга акча которбоого чакырып, эгер кандайдыр бир күмөн саноолор болсо маалыматты расмий булактар аркылуу текшерип коюуга чакырат.    

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media