Улуттук банк: Кыргызстанда «Берекет Банк» ачылат

Улуттук банк: Кыргызстанда «Берекет Банк» ачылат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жаңы каржы мекемеси — «Берекет Банк» жабык акционердик коомун түзүүгө расмий уруксат берди.

Тиешелүү чечим 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алынганын Economist.kg сайты Улуттук банктын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды.

Азырынча жаңы банктын негиздөөчүлөрү тууралуу маалыматтар Юстиция министрлигинин ачык базаларында жарыялана элек.

«Берекет Банк» — соңку айларда Улуттук банк тарабынан түзүүгө уруксат берилген бешинчи банк болуп саналат. Буга чейин, 2025-жылдын август айында Улуттук банк «Алма Финанс Банк», «Мурас Банк», «Асман Банк» жабык акционердик коомдорун ачууга уруксат берген.

Ал эми сентябрь айында «Кылым Банкы» ААКсын түзүүгө уруксат берген. Аталган банк мамлекеттин 100% катышуусунда түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт. Бул боюнча чечимди Министрлер Кабинети 2025-жылдын январь айында кабыл алган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media