Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду

Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров КРнын Улуттук банкынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Жаңы имарат Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсү менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Улуттук банктын бул кеңсеси, борбор калаанын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаменти жана "Бишкекглавархитектура" узак мөөнөттүү курулуш долбоорлорунун тизмесинде  турган. Акыркы 2 жыл бою анын курулушу кызуу жүрүп, азыр ишке берилди.

Анын ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, Президент эми алтынды сактоого да мүмкүндүк жаралгандыгын билдирди. Анын айтымында буга чейин сактоодо көйгөй жаралып келгендиктен, кыргыз алтыны чет өлкөлүк банктарда сакталчу. Эми Улуттук банктын өзүнүн кампасында 1000 тоннага чейин алтынды сактоого болот.

Улуттук банктын өкүлдөрү имаратты куруу учурунда инженердик изилдөө жүргүзүлүп, талапка ылайык сапаттуу, сейсмикалык жактан туруктуулугу 12 баллга жете тургандай бекем имарат тургузулгандыгын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media