2026-жылдын 1-мартынан баштап кредит алууда антифрот системасы иштей баштайт
2026-жылдын 1-марттынан баштап КРнын Улуттук банкы ар бир коммерциялык банкка жана финансы-кредиттик уюмдарга онлайн кредит берүүдө антифрод системасын иштетишин милдеттендирет.
Мындай маалыматты Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
“Бул чара алдамчылыктарды алдын алуу максатындагы абдан эффективдүү жана маанилүү демилге болуп саналат. Бул система ар бир жарандын, керектөөчүнүн аракетин анализдеп, ошол жарандын финансылык жүрүм-турумуна анализ кылып, эгер ошол кардардын абалына туура келбеген сатып алуу болуп жатса же бирөөнүн электрондук капчыгына ири сумма которулганы жатса аны антифрот системасы токтотот” – дейт Алиев.
Анын айтымында, бул демилге 2025-жылы комплекстүү түрдө талдоого алынып, нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген жана коомдук талкуудан өткөн. Эми 1-марттан баштап ушул система иштей баштайт.