Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

2025-жылы 715,7 млн доллар инвестиция тартылып, аймактарда 8 миң 471 жаңы жумуш орду түзүлгөнүн Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр мамлекет тарабынан коюлган тапшырмалардын аймактык деңгээлде жакшы аткарылып жатканынан кабар берет.

2025-жылы өлкөнүн ар бир облусунда жаңы ачылган ишканалардын жана жумуш орундарынын саны төмөнкүдөй:

  • Чүй облусу 35 ишкана, 3 миң 731 жумуш орду;
  • Талас облусу 6 ишкана, 110 жумуш орду.
  • Жалал-Абад облусу 16 ишкана, 700 жумуш орду;
  • Баткен облусу 13 ишкана, 1 миң 66 жумуш орду;
  • Ысык-Көл облусу 12 ишкана, 363 жумуш орду;
  • Нарын облусу 13 ишкана, 432 миң жумуш орду;
  • Ош облусу 14 ишкана, 519 жумуш орду;
  • Бишкек шаары 6 ишкана, 1 миң 348 жумуш орду;
  • Ош шаары 4 ишкана, 202 жумуш орду.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media