Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бүгүн, 14-январда саат болжол менен 09:50дө Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 428-чакырымында мазут ташыган бензовоздун рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго оодарылып кеткен. Бул тууралуу Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Кесепеттерден жабыркагандар катталган жок. Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынын №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу жүрүүдө.

Айдоочуларга эскертүү: жол эрежелерин так сактоо, башкалардын убактысын сыйлоо жана алыс жолго чыгардан мурун унааны техникалык абалдан өткөрүү өтө маанилүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү