Кыргызстанда банк кызматкерлеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстанда банк кызматкерлеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Банктар союзу жана “Криптоинфраструктураны өнүктүрүү” фонду санариптик кызматташтык максатында келишим түздү.

Санариптик трансформация жолундагы стратегиялык мааниге ээ кадам

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Банктар союзу менен “Криптоинфраструктураны жана санариптик экономиканы өнүктүрүү” коомдук фонду кызматташтык жана өз ара аракеттешүү боюнча меморандумга кол коюшту. 

Меморандум банк кызматкерлеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, виртуалдык активдер, блокчейн-технологиялары жана жасалма интеллект менен иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга, ошондой эле өлкөнүн банк системасынын инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

Кол коюлган келишимдин алкагында тараптар биргелешкен окуу программаларын ишке киргизүүнү, тренингдерди, семинарларды жана вебинарларды өткөрүүнү, ошондой эле аналитикалык жана методикалык материалдарды даярдоону пландоодо. Фонд атайын адистердин катышуусун камсыздап, жасалма интеллект жана виртуалдык активдер боюнча материалдарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул санариптик экономика жана жасалма интеллект технологиялары жаатында заманбап билим берүү стандарттарын калыптандырууга шарт түзөт.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Банктар союзу каржы уюмдарынын билим берүү иш-чараларына катышуусун координациялайт жана банк секторунда жаңы санариптик чечимдерди киргизүүгө көмөк көрсөтөт. Бул демилгенин ишке ашырылышы каржы тармагынын технологиялык трансформациясын күчөтүп, Кыргызстандын банк системасынын адистеринин компетенциясын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Катышуучуларынын айтымында, меморандумга кол коюу Кыргызстандын каржы системасын санариптештирүү багытында стратегиялык мааниге ээ  кадам болуп эсептелет. Бул демилге банк кызматтарынын сапатын жогорулатууга, насыя-каржылык секторго болгон ишенимди бекемдөөгө жана калктын каржы сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, заманбап санариптик куралдарды жана окуу программаларын киргизүү банк тармагындагы алдамчылык учурларын азайтууга жана киберкоопсуздукту күчөтүүгө да өбөлгө түзөт.

Тажрыйба алмашуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Банктар союзунун жетекчиси Анвар Абдраев меморандумга кол коюу жалпы санариптештирүү учурунда маанилүү чечим болгонун белгилейт. Ал дүйнөлүк банктар сектору да жасалма интеллект менен блокчейн технологияларын активдүү колдонуп, криптовалюталарды киргизүү аркылуу өзгөрүү этаптарын баштан кечирип жатканын кошумчалады.

“Виртуалдык активдер боюнча Улуттук кеңештин экинчи жыйынында президент Садыр Жапаров бул багыт өтө олуттуу экенин белгиледи. Банк сектору жаңы технологияларды колдонуу менен байланышкан саясатты активдүү жүргүзүп, виртуалдык активдер жана криптовалюталар үчүн резервдерди түзүүгө тийиш. Анын үстүнө, мамлекеттик криптобиржа буга чейин эле түзүлгөн” , – деди Абдраев.

Ошондой эле ал, коомдук фонд менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Банктар союзу кызматташуу зарыл экенин жана бул банк тармагында тажрыйба алмашууну күчөтүп, бекем эксперттик базаны түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады. 

“Биз фонддун потенциалы менен мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыктык жана анын адистеринин билимин жана тажрыйбасын колдонуу керектигин түшүндүк. Ишти банк секторунун кызматкерлерине тренингдерди өткөрүүдөн баштайбыз. Кээ бирөөлөр буга чейин бул багытта өздөрүн өнүктүргөн, бирок көпчүлүккө бул багытта кошумча даярдык керек. Ошондуктан мындай окуу программалары өзгөчө талап кылынат. Биргелешкен аракеттер менен биз жаңы технологияларды өлкөнүн банк системасында ийгиликтүү колдонууга эффективдүү негиз түзө алабыз деп ишенем», – деди КРнын Банктар союзунун жетекчиси.

Кызматташуудагы артыкчылыктуу эки багыт

“Криптоинфраструктураны өнүктүрүү жана санариптик экономиканы колдоо” коомдук фондунун өкүлү, финтех, криптовалюта жана санариптик финансылык чечимдер боюнча адис Роман Ракшин белгилегендей, Кыргызстандагы рынок виртуалдык активдер менен иштөөгө уруксат берилгендиктен, инновацияларга ачык болуп эсептелет.

“Кыргызстандын Улуттук банкынын пилоттук долбоору абдан кызыктуу, ал финансылык уюмдарга виртуалдык активдерди сактап, сатууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай демилгелер АКШ, Германия, Швейцария жана Австриясыяктуу туруктуу финансылык системасы бар өнүккөн өлкөлөрдө ишке ашырылган. Азияда азырынча мындай долбоорлор жок”, – деп белгилейт Ракшин.

Кыргызстандын Банктар союзу менен кызматташууда ал эки негизги артыкчылыктуу багытты белгилейт. Биринчиси, банк ишмердүүлүгүнө жасалма интеллектти киргизүү, анын ичинде алдамчылыкка каршы системалар, насыяларды баалоо (кредиттик скоринг), кардарлар үчүн персоналдаштырылган сунуштар жана жасалма интеллект аналитикасына негизделген сунуштарды берүү. Экинчиси, виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары менен иштөө, алар кардарлардын транзакциялары тууралуу маалыматтарды коопсуз сактоого жана маалыматты артка тууралоо мүмкүнчүлүгүн болтурбоого багытталган.

Банктын кызматкерлери үчүн жасалма интеллект боюнча курстар ноябрда башталат. Кийинки этапта окутуу блокчейн жана криптовалюталар менен иштөөгө багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо