Канада санкциялар тизмесине Кыргызстандын бир банкы кирди

Канада санкциялар тизмесине Кыргызстандын бир банкы кирди

Канада бийлиги антироссиялык санкциялар тизмесине дагы бир нече компанияларды киргизгени өлкөнүн тышкы саясат ведомствосунун маалыматында айтылды. 

Тизмеге Россиянын суюлтуган газ өндүрүү  боюнча завод жана “Газпром СПГ Портовая” деңиз терминалы, “Новатека” долбоору, “Аркти – 2”, ошондой эле Кыргызстандын “Борбор Азия капитал Банк” банкы жана А7 трансчекаралык платформасы кирген. 

Юридикалык жактар тизмесине Учкучсуз системалар жана технологиялар борбору, россиялык Zservers компаниясы жана Xhost Internet Solutions провайдери кирген. 

Эске салсак, буга чейин Евробиримдик Россияга каршы 19-санкциялар пакетин бекиткен. Анда чектөөлөр Россия банктарына, компанияларына эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, Кытай, Индия, Таиландагы бизнестерге да киргизилген.  
Бул санкциялар пакетинин тизмесине кыргызстандан “Олд Вектор” жана “Гринекс” ЖЧКлары кирген. 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде "Бир айыл -бир продукт" долбоорунун алкагында япон технологиясы менен дагы 10 продукция чыгарыла баштаганын Президенттин облустагы өкүлчүлүгү "Кабарга" билдирген. Аталган продукциялар улуттук экономикалык долбоордун алкагында бренд-комитеттин тандоосунан өткөн. Алар: * кызылча нектары; * өрүк гүлү чайы; * кургатылган өрүк данеги менен; * малина концентраты; * алма нектары; * жаңгак жана кургатылган

Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Араван районунда  лимонду кайра иштетүүчү фабрика  ишке кирип, анда лимондун ширеси гана эмес, анын кабыгынан да заманбап жабдуулар менен варенье өндүрүлүп жатат. Бул технология фермерлердин арасында жайылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Райондо тропикалык өсүмдүктөрдү өстүргөн фермерлерди колдогон консультациялык борбор

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

Соңку беш жылдын ичинде коррупциялык элементтерге каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион ТВ" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 30 миң гектардан ашык жер жана 1 миңге жакын ишкана мамлекеттин менчигине кайра кайтарылган. “Эмне үчүн Кыргызстанда

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында МБКнын Төрагасы А.А. Салиевдин жетекчилиги астында KOICA жана CUPIA агенттигинин делегациясы менен бажы иши чөйрөсүндө актуалдуу маселелерди жана өнүктүрүү преспективаларын талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.  Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул иш-чаранын максаты - Кыргыз бажысынын институционалдык дараметин модернизациялоо