Элди ишендирип, акчасын алуу максатындагы - кезектеги алдамчылык

Элди ишендирип, акчасын алуу максатындагы - кезектеги алдамчылык

Белгисиз адамдар мамлекеттин колдоосунда жеңилдетилген шарттарда кредит алууга жарандарга көмөк көрсөтүү жөнүндө жарнаманы Telegram месенджери аркылуу таратып жатат. Мындай билдирүүнү Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ишенимге кирүү үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшүп, Telegram месенджерде кредит алган кардарлардын ыраазычылыгы деп жалган билдирүүлөрдү мисал катары келтирүүдө. Андан кийин алдамчылар ар кандай шылтоо менен (камсыздандыруу, комиссия ж.б.) жарандарга акча которуу зарылдыгын айтышып, жасалма кредиттик келишимди жөнөтүп жатышат.

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк бул – кезектеги алдамчылык схемага ишенбөөгө чакырат жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоону сунуштайт.  

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 миллиард сомго жетти. Бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди. Маалыматка ылайык, беш жылдын ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди,

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы аймактын алгачкы чет өлкөлүк резидент-инвесторлоруна беш сертификат тапшырды. Аземге Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышып, бул

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

"Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири – China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Манас Самидинов билдирди. Маалыматка ылайык, Шанхай – Бишкек – Шанхай багыты боюнча түз аба байланышын ачуу маселеси талкууланды. Бул – Кыргызстанды дүйнөгө ачуу, жарандар үчүн саякаттоого, бизнес жүргүзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы