Инфляциянын өсүшү аманатчылардын банктагы депозиттерине кандай таасир этет?

Инфляциянын өсүшү аманатчылардын банктагы депозиттерине кандай таасир этет?

2025-жылы Кыргызстандагы инфляциянын кескин өсүшүнө  ички жана тышкы факторлордун айкалышы себеп болууда. Азыркы тапта инфляциянын деңгээли (2025-жылдын сентябрынан 2024-жылдын сентябрына карата) 8,4% түздү. Улуттук банк жылдын аягына карата инфляциялык күтүүлөрдү 5-7%дан 8,5-9%га чейин, ал эми эсептик ченди 9%дан 10%га чейин көтөрдү.

КРнын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору  Кадырбек Букуевдин айтымында мындан аркы чен келечектеги инфляциянын тенденциясына жараша болот. Инфляциянын андан ары тездешинин таасири аманатчылардын банкта кармаган депозиттерине кийинкидей таасир этиши мүмкүн:

1. Депозиттик чен боюнча: Депозиттер боюнча реалдуу кирешелүүлүктүн төмөндөшү. Реалдуу кирешелүүлүк = пайыздык чен – инфляция. Банктар жагымдуулукту сактоо жана аманатчыларды кармап калуу үчүн пайыздык ченди көтөрө башташат.

2. Депозиттин түзүлүшү боюнча: Калктын чет элдик валютага же жыйым топтоонун альтернативдүү түрлөрүнө өтүшү күтулөт. Каражаттын мөөнөттүү депозиттен - талап боюнча депозитке өтүшү жана депозиттердин валютадагы үлүшүнүн көбөйүшү мүмкүн (акчаны сактоо үчүн калк доллар, алтын ж.б. кыйла туруктуу инструменттерге кызыгат).

3. Кредит боюнча чендер: Тартылып келинген ресурстардын (каржылоонун наркы) кымбатташына байланыштуу, кредит боюнча чендин жогорулашына алып келиши мүмкүн.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media