Өлкөдөгү микрофинансылык уюмдардын өнүгүү тенденциялары

Өлкөдөгү микрофинансылык уюмдардын өнүгүү тенденциялары

КРнын Улуттук банкы өлкөдөгү МФУнын 2025-жылдын 30-сентябрына карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады.

Билдирүүгө каарганда, 2024-жылдын акырындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу өлкөдөгү МФУнун жалпы активдери 71,2 млрд сомду түзүп, 12,4 млрд сомго же 21 пайызга көбөйгөн.

Ал эми МФУнун кредит портфели 57,6 млрд сомду түзүп, 9,6 млрд сомго же 20 пайызга көбөйгөн.

Ошондой эле Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 1,8 млрд сомду түзгөн, башкача айтканда былтыркыга салыштырмалуу 0,3 млрд сомго же 17 пайызга өскөн.

Микрофинансылык уюмдардын уставдык капиталы 14,3 млрд сомго жетип, 1,4 млрд сомго же 11 пайызга көбөйгөн. Ал эми жалпы депозиттик база 9,8 млрд сомду түзгөн, мында жыл башынан берки көбөйүү 2,3 млрд сом  же 31 пайыз чегинде катталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды