"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 21 күндө 46 713 адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салды

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 21 күндө 46 713 адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салды

2025-жылдын 1-ноябрынан 21-ноябрына чейинки аралыкта 46 713 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга алууга өзүнө өзү тыюу салганын Улуттук банк жарыялады.

Мурда да түшүндүрмө бергенибиздей, "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.

Tunduk тиркемеси аркылуу жаран өзүнө өзү тыюу салып, аны кайра алып сала алат. 

1.   Өз алдынча тыюу салууну орнотуу: Tunduk тиркемесине кирүү → "Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу" кызматын тандоо → "Арызды толтуруу" баскычын басуу →кредиттик бюрону тандоо → аракетти тастыктоо. Коргоо дароо активдешет.

2.   Тыюу салууну алып салуу: Ошол эле кызматка кирүү → тандоо → "Өз алдынча тыюу салууну алып салуу" баскычын басуу. Алып салуу 12 сааттан кийин автоматтык түрдө болот.

3.   Алып салууну жокко чыгаруу: Арыз берилгенден кийин 12 сааттын ичинде кызматка кирип, "Арызды жокко чыгаруу→ баскычын басуу керек – коргоо активдүү бойдон калат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз