Накталай акча позициясын жоготуп, QR менен төлөмдөр былтыркыга салыштырмалуу 20 эсе көбөйдү

Накталай акча позициясын жоготуп, QR менен төлөмдөр былтыркыга салыштырмалуу 20 эсе көбөйдү

ELQR ишке киргенден бери транзакциялардын саны 54,6 эсеге, ал эми төлөмдөрдүн көлөмү дээрлик 85 эсеге өстү. Мындай билдирүүнү Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында 2025-жылдын алгачкы алты айында эле QR аркылуу 274,9 миллиард сом иштетилген — бул мурунку жылга салыштырмалуу 20 эсе көптүк кылат.

“Накталай акча позициясын жоготууда: картадан акча алуу үчтөн бирге азайды, ал эми мындай транзакциялардын саны 26,3%га азайды. Системада накталай акча сакталып калууда — бул жетилген рыноктун белгиси. Бул өсүш: бирдиктүү стандарт, комиссиянын жоктугу жана QRду милдеттүү түрдө кабыл алуу талабына ылайык, Улуттук банктын жакшы ойлонулган саясаты менен шартталды. Натыйжада, 20 банк, 32 тиркеме жана жалпы өлкө толугу менен QR төлөмдөрүнө өттү.”- деп билдирди М.Тургунбаев.

 Мындан сырткары КРУБ төрагасы - Онлайн төлөмдөр кадимки көрүнүшкө айланып, коммуналдык кызматтардан баштап мамлекеттик төлөмдөргө чейин камтып жаткандыгын жана мамлекеттин пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр 371 эсеге көбөйгөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media