Улуттук банк быйыл 10 айда мыйзам бузгандарга 8,8 млн сомго санкция колдонду

Улуттук банк быйыл 10 айда  мыйзам бузгандарга 8,8 млн сомго санкция колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын 4-ноябрына карата валюталык рыноктун абалы боюнча отчетун жарыялап, мыйзам бузгандарга карата жалпы 8,8 млн сомго санкциялар колдонулганын билдирди.

Регулятордун маалыматына караганда, өлкөдө мыйзам чегинде 820 алмашуу бюросу иштеп жатат. Алардын ишин көзөмөлдөө эки түрдө жүргүзүлөт: аралыктан жана жеринде текшерүү учурунда. Легалдуу жайлар күн сайын өздөрүнүн алмаштыруу курстары жана операциялардын саны боюнча онлайн-портал аркылуу отчет берип турууга милдеттүү.

Лицензиясыз иш жүргүзгөндөрдү аныктоо үчүн ИИМ жана Салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда рейддер жүрүп турат. 2025-жылы көзөмөл органы өзүнүн чара көрүү аракеттерин күчөтүп, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен акча алмаштыруу бюролоруна 460 эскертүү кат жөнөткөн. Мыйзамды одоно бузганы үчүн 111 лицензиянын иши убактылуу токтотулуп, дагы 12 лицензия толук жоюлган.

Каржылык санкциялар расмий жана көмүскө алмаштыруу бюролоруна таасир этти:

  • 112 акча алмаштыруу бюросуна 6.16 млн сомдук айып пул салынды;
  • 152 жеке адамга 2.66 млн сомдук айып пул салынды, булар валютаны лицензиясыз алмаштырышкан.

Валюталык регулятор эгер кардарлардын арасынан шектүү аракеттер болсо же талаштуу кырдаалдар пайда болсо, алар арыз бере алаарын эскертет. 

Арыздар 31-30-08 телефон номери аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук почта аркылуу кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media