Быйыл коммерциялык банктардын депозити 50%га көбөйгөнү белгилүү болду

Быйыл коммерциялык банктардын депозити 50%га көбөйгөнү белгилүү болду

Кыргызстандын банк сектору боюнча 2025-жылдын III кварталынын жыйынтыктарына ылайык, коммерциялык банктардын жалпы депозиттик портфели жыл ичинде 50%дан ашык өсүп, 800 млрд сомдон ашты.

Рыноктогу лидерлер:

"Элдик Банк" ААКсы — биринчи орун, депозиттик портфели 148,5 млрд сом. Жылдык өсүш +115,7% (68,9 млрд сомдон).

  • "Айыл Банк" ААКсы — экинчи орун, 131,7 млрд сом (+19,1%, мурда 110,5 млрд сом).
  • "Мбанк" ААКсы — үчүнчү орунду ишенимдүү сактап турат, 118,9 млрд сом (+77,7%, мурда 66,9 млрд сом).

Эң жогорку өсүш көрсөткөндөр:

  • "Элдик Банк" ААКы — +115,7%
  • "О!Банк" ААКы — +91,8%
  • "Банк Компаньон" ЖАКы — +87,4%
  • "Мбанк" ААКы — +77,7%

21 банктын биргелешкен депозиттик портфели жыл ичинде болжол менен 540 млрд сомдон 800 млрд сомдон ашык суммага жетип, 50%дан ашык өсүштү көрсөттү. Ошол эле учурда, бардык банктар оң динамика көрсөтө алган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты. Комплекстин жалпы наркы

Ишкер Media
РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна

Ишкер Media
Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media