МинКаб АӨБдөн 45 млн доллар насыя, 20 млн грант алуу долбоорун жактырды

МинКаб АӨБдөн 45 млн доллар насыя, 20 млн грант алуу долбоорун жактырды

Министрлер кабинети 2025-жылдын 5-ноябрындагы №944-т токтому менен Кыргызстан жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) ортосундагы "Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдүү турак жайга жетүүнү кеңейтүү" долбоору боюнча насыя жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорун жактырды.

Документке ылайык, Каржы министри макулдашууларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюу, ошондой эле мазмунун өзгөртпөй турган мүнөздөгү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу берилди.

Долбоорго ылайык, анын ишке ашырылышы "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ААКы (МИК) аркылуу, финансы институттарынын катышуусу менен жүргүзүлөт. Насыялык жана гранттык каражаттар талаптарга жооп берген субзаем алуучуларга ипотекалык субзаемдерди каржылоого багытталат.

Долбоордун алкагында АӨБ тарабынан 24 жылдык мөөнөткө 45 млн доллар жеңилдетилген насыя берүү каралган. Жеңилдетилген мезгил ичинде пайыздык чен жылына 1%, ал аяктагандан кийин 1,5% болот. Пайыздык жана башка төлөмдөр жылына эки жолу — 15-апрелде жана 15-октябрда жүргүзүлөт. Насыянын жабылуу датасы 2032-жылдын 31-марты деп көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, долбоордун шарттарына ылайык ипотекалык субзаемдерди каржылоого багытталуучу $20 млн көлөмүндөгү грант да каралган.

Мындан тышкары окуңуз

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек аренада” башталып, негизги бөлүгү 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндардын расмий программасы бекитилип, ага спорттук мелдештерден тышкары маданий жана илимий иш-чаралар да киргизилди. Иш-чаранын негизги аянтчалары * Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору: 1–6-сентябрга

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине акыркы беш жарым жылда түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү өлкөнүн буга чейинки 30 жылда чогулган салыктын суммасынан ашты. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салыктык төлөм түшкөн. Ал эми 1991–2020-жылдары, башкача айтканда, 30

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5