Коммерциялык банктардын минималдуу капиталы 5 млрд долларга көтөрүлөт

Коммерциялык банктардын минималдуу капиталы 5 млрд долларга көтөрүлөт

Улуттук банктын башкармалыгы коммерциялык банктардын минималдуу капиталын көбөйтүү сунушун демилгеледи. Коомдук талкууга банктардын уставдык жана менчик (регулятивдик) капиталынын минималдуу көлөмү тууралуу жобонун долбоору чыгарылды.

Документ банк секторунун каржылык туруктуулугун күчөтүү, инвесторлор менен кардарлардын ишенимин арттыруу жана банктардын ички жана региондук рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Регулятор жаңы түзүлгөн коммерциялык банктар, анын ичинде чет өлкөлүк банктардын филиалдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу көлөмүн 5 млрд сом деңгээлинде бекитүүнү сунуштап жатат.

Иштеп жаткан банктар үчүн капиталды этап-этабы менен көбөйтүү пландалган:

  • 2026-жылдын 1-июлунан — 1 млрд сом;
  • 2027-жылдын 1-июлунан — 2 млрд;
  • 2028-жылдан — 3 млрд;
  • 2029-жылдан — 4 млрд;
  • 2030-жылдан — 5 млрд сом.

Мындан сырткары, системалык мааниге ээ банктар үчүн өзгөчө талаптар киргизилет: алардын минималдуу капиталы келерки жылдын 1-июлунан 8 млрд сомдон кем болбошу керек.

Эгерде банк системалык мааниге ээ болуп калса, анда ал бир жыл ичинде уставдык капиталын талап кылынган деңгээлге жеткирүүгө милдеттүү. Ал эми менчик (регулятивдик) капитал үч айдын ичинде Улуттук банктан билдирүү алган соң толукталууга тийиш.

Ошондой эле иштеп жаткан банктардын 100% акцияларын сатып алган инвесторлор үчүн жаңы талап киргизилет: жаңы ээлер капиталды бир жылдын ичинде талапка ылайык деңгээлге жеткириши зарыл.

Демилгенин авторлорунун пикиринде, капиталдын көбөйтүлүшү банктардын каржылык туруктуулугун бекемдеп, кредиттик портфелдерди кеңейтүүгө, инвестицияларды жана жаңы акционерлерди тартууга, кардарлар жана контрагенттердин ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, өлкөнүн банк системасынын активдери 2020–2025-жылдары бир кыйла өсүп, 276 млрд сомдон 1,13 трлн сомго жеткен. Ал эми быйыл октябрга карата банктардын таза кирешеси 23,1 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media