Ислам принциптери менен каржылоонун көлөмү 91,5 % өстү. Шариат жолу менен каржылоо элге эмнеси менен кызыктуу?

Ислам принциптери менен каржылоонун көлөмү 91,5 % өстү. Шариат жолу менен каржылоо элге эмнеси менен кызыктуу?

Улуттук банктын акыркы маалыматына ылайык, Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү жыл башынан бери 91,5 пайызга өсүү менен, 16,5 млрд сомду түзгөн. Анын ичинде тармактар боюнча: өнөр жайды, айыл чарбаны, сооданы, курулушту, ипотеканы жана башка керектөөлөрдү каржылоого багытталган. Адистердин айтымында, өлкөбүздө салттуу банк иши менен катар эле шарият талаптарына ылайык келген ислам каржылоо принциптери менен кызмат көрсөтүү эбак жолго салынган. “Ишкер медиа” Кыргызстандагы банктар жана каржы уюмдары сунуштаган финансылык каржылоонун шарият стандарты менен шайкеш келишинин өзгөчөлүгү тууралуу, КРнын Улуттук банкынын Ислам финансылык продуктулары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кубанычбек Тогуззаков менен баарлашып, маанилүү суроолорго жооп алды.

💡
Ислам каржылоо принциби менен каржылоонун - салттуу кредиттен айырмасы эмнеде?
Ислам каржылоо принциптери боюнча операциялардын шариат стандарттарына ылайык ишке ашырылышы алардын өзгөчөлүгү болуп саналат. Шариат стандарттары деп ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдар (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык же башка ишти жүзөгө ашыруу эрежелеринин жыйындысын түшүнүү керек.
Ислам банкингинин өзгөчөлүктөрүнүн бири – мында акча сатуу предмети эмес, алмашуу жана наркты өлчөө каражаты катары саналат. Ошондуктан банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн предмети катары чыныгы товарлар (бүгүнкү күндө банктар мурабаха келешиминин негизинде операцияларды жүргүзүп келет) же тараптардын ар бири тобокелдиктерди моюнга алган өнөктөштүк мамилеси боюнча кызмат көрсөтүүлөр болот. Мына ушул негизги жана башка өзгөчөлүктөр шариат стандарттарына ылайык бүтүмдөрдүн негизи болуп саналат.
💡
Мындай каржылоонун негизинде үстөк пайыз төлөнөбү? Эгер төлөнбөсө, банкка пайда таппаган мындай каржылоонун эмне кереги бар?
Ислам банкингинде акча каражаттарын тартуудан же жайгаштыруудан кепилденген пайыздар түрүндө киреше алууга же төлөөгө тыюу салынган. Ошондуктан ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк төмөнкү ыкмалар менен киреше алат:
-        товарларды жана башка активдерди кайра сатат,
-        андан ары сатып алуу менен активдерди ижарага берет,
-        тейлөө кызматтарын сунуштайт;
-        бизнеске инвестиция салат.
Бул, кепилденген пайыздардын жоктугу, каржылоо акысыз негизде же кайрымдуулук катары сунушталат - дегенди түшүндүрбөйт. Банктын каржылоого жайгаштырган акчалары – бул калктан, анын ичинде пенсионерлерден жана башка жеке жактардан тартылган акча болуп саналат жана банк тартылган каражаттарды башкарууда жоопкерчилик тартат.
Мындан тышкары, ислам банкингинде “пайыз” терминин “акчадан акча өндүрүү” же “акчаны пайдалангандыгы үчүн төлөө” маанисинде колдонууга тыюу салынат. Бирок, мисалы, “пайыз” терминин кандайдыр бир сандын үлүшүн белгилөө үчүн колдонууга тыюу салынган эмес. Алсак, 100 сомдон 10 пайыз 100 сомдун онунчу үлүшү дегенди түшүндүрөт. “Пайыз” термини пайыздык үлүштөр катышын белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн, мисалы, 50:50 же 50 пайызга 50 пайыз – бул ар бир өнөктөштүн үлүшү бизнестин тең жарымына туура келет дегенди түшүндүрөт.
💡
Мындай каржылоону алуунун шарттары кандай? Жөнөкөй жаран эмнени эске алышы керек?
Эң негизгиси, банктын ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген лицензиянын болушу шарт. Ошондой эле, каржылоону эмне максатта алгыңыз келгенин аныктоо зарыл. Бардык "оң" жана "терс" жактарды таразалап, чыгаша менен кирешелер баалап чыгуу керек. Андан кийинки кадам - каржылоонун түрүн тандоо.
💡
Маанилүү: каржылоону киреше тапкан валютада алган туура. Каржылоо келишимине кол коюу анын бардык шарттарына макулдукту жана аларды аткаруу боюнча милдеттенмелерди алууну билдирерин унутпаш керек. Каржылоо келишимине ылайык милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, банк мыйзамга ылайык күрөөгө коюлган мүлккө соттон тышкары же сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу. Ошондуктан, каржылоо келишиминин бардык шарттарын түшүнүп, анын бардык кесепеттерин так элестеткенден кийин гана кол коюу керек.
💡
Банк кардардын керектөөлөрүн эске алуу менен каржылоо келишимдеринин шарттарына жараша кандай түрлөрүн сунушташы мүмкүн?
-        Мурабаха келишими- бул сатып алуу – сатуу келишими, ага ылайык банк төлөө мөөнөтүн узартып, үстөк баа менен кардарга товар алып берет.
-        Салам келишими – бул, кардар келечекте банкка белгилүү бир товарды жеткирип берүүгө милдеттенет, ал эми банк бул товар үчүн салам келишими түзүлгөн учурда төлөөгө милдеттенген келишимдин түрү.
-         Иджара мунтахийя биттамлик – бул, кардардын сатып алуу укугу менен, банк менен кардардын ортосунда белгилүү бир акы төлөө шартында жана белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн ижара келишими.
💡
Ислам каржылоо принциптери Кыргызстандагы бардык 22 банкта жеткиликтүүбү?
Кыргыз Республикасынын “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан банктарга берилүүчү тиешелүү лицензиянын негизинде, бүгүнкү күндө ислам каржылоо принциптери боюнча 1 толук ислам банкы жана “ислам терезеси” менен 5 банк иш алып барат. 
💡
Кыргызстанда ислам принциптери менен каржылоо качантан бери иштеп келет?
Өлкөдө ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү 2006-жылдан баштап ишке ашырыла баштаган. 
2009-жылы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына толуктоолор киргизилген. Бул толуктоолор бардык коммерциялык банктарга ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүүгө шарт түзгөн. Жогоруда аталган мыйзамдарды ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк тарабынан ислам банктарынын жана “ислам терезесине” ээ банктардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. 
💡
Ислам принциптери менен каржылоонун көрсөткүчү кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду? Мисалы акыркы 5-6 жылдын статистикасын салыштыра кетсеңиз.
Акыркы 6 жылдагы каржылоо портфелинин динамикасы төмөнкү графикте көрсөтүлгөн. Ислам каржылоо продуктарына суроо-талаптын жылдан-жылга өсүп жаткандыгына байланыштуу,  графикте каржылоо портфелинин өсүү динамикаcын байкаса болот. Айтсак, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча - 1,9 млрд сомго барабар болгон болсо, быйыл 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен эле - 16,5 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандек айыл өкмөтүндө калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик адмистрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аймакта базардын кийим-кече сатылган 80 метрлик соода аянты толугу менен оңдолуп, 50дөн ашуун ишкер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, соодагерлер үчүн 50 орундуу жаңы соода жайы да