Жыл башынан бери кыргызстандыктар 477,7 млрд сом насыя алышкан

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 477,7 млрд сом насыя алышкан

Жыл башынан бери банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 40,2%га өсүү менен 477,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, банк секторунун суммардык активдери 38% өсүү менен 1 125,2 млрд сомду, ал эми кардарлардын жалпы депозиттик базасы 35%га өсүп, 800 млрд сомду түздү.

Ошондой эле Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү 91,5%га өсүп, 17,3 млрд сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстанда 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган.

Мындан тышкары окуңуз

Кооперативдер 185 млн сомдук бизнес-пландарды түзүштү

Кооперативдер 185 млн сомдук бизнес-пландарды түзүштү

26-июнда Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырган долбоорунун жыйынтыктоочу семинары өттү. Уюмдун маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты фермерлерге жана кооперативдерге инвестиция тартуу жана бизнес жүргүзүүгө көмөктөшүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында болжол менен

7,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү

7,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү

2026-жылдын 25-июнуна карата Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму жарандарга жана уюмдарга жалпы 7 129 347 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, Бишкек филиалы тарабынан 3 195 732 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди. Төлөмдөр ОСАГО, жарандык жоопкерчилик, автокаско, турак жай жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча өлкө аймагындагы филиалдар

Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 46 миң 731 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын I чейрегине карата азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетенинде айтылат. Маалыматка ылайык, инфляцияны эске алганда эмгек акынын

Алгачкы эки саатка 50 сом: унаа токтотуунун жаңы системасы сыноодон өтөт

Алгачкы эки саатка 50 сом: унаа токтотуунун жаңы системасы сыноодон өтөт

Бишкектеги Жеңиш аянтынын аймагында жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы сыноо тартибинде ишке кирди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Сааттык төлөм системасы Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында, "One Group" соода борбору менен Жеңиш аянтынын ортосунда жайгашкан 95 орундуу муниципалдык унаа токтотуучу жайда колдонулууда. Сыноо мезгилинде алгачкы 15