Санарип финансылык технологиялар жана санарип төлөм жүргүзүү боюнча тегерек стол болду

Санарип финансылык технологиялар жана санарип төлөм жүргүзүү боюнча тегерек стол болду

Улуттук банк Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) көмөгү менен 2025-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасында санарип финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоого арналган тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага «Кыргызстан банктарынын союзу» бирикмесинин, коммерциялык банктардын, Виртуалдык активдер рыногунун катышуучулары ассоциациясынын, Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле IFC жана Швейцариянын КРдагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Тегерек стол маегинин жүрүшүндө санарип финансылык технологиялар, анын ичинде санарип төлөмдөр жана инновациялык төлөм чечимдерин, финансы рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле IFCнын QR-төлөмдөрдү изилдөө чөйрөсүндө учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана тенденциялар көрсөтүлдү.

Анын жүрүшүндө Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү С.К. Абдыгазиев заманбап финансылык технологияларды ишке киргизүү максатында Улуттук банк жөнгө салуучу жана институционалдык шарттарды түзүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ал бардык кызыкдар тараптар – жөнгө салуучу, банктык жана банк эмес уюмдар, финтех-компаниялар, IT-коомчулугу жана академиялык чөйрө өз ара тыгыз иш алып баруусу маанилүү экендигине көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Кыргыз Республикасынын технологиялык жактан өнүккөн жана туруктуу санарип финансы экосистемасын ырааттуу түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптар туруктуу негизде тыгыз иш алып баруусу жана иш-аракеттерин координациялоосу маанилүү экендигин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон