Элкарт улуттук төлөм системасы ишкерлерге “Элкарт Бизнес” картасын сунуштайт

Элкарт улуттук төлөм системасы ишкерлерге “Элкарт Бизнес” картасын сунуштайт

Элкарт улуттук төлөм системасы “Элкарт Бизнес” картын ишкерлер жана корпоративдик кардарлар үчүн өтө ыңгайлуу курал катары сунуштоодо.

Билдирүүгө караганда, анын жардамы менен каржыны жөнөкөй жана ачык башкарууга болот.

“Элкарт Бизнес” картасы менен төмөнкүлөр сунушталат:

·       кызматкерлерге отчеттук суммаларды чыгарып берүү;

·       товарлар менен кызмат көрсөтүү үчүн нак акчасыз акы төлөп, түшкөн кирешени кабыл алуу;

·       юридикалык жак же жеке ишкерлердин банк эсебине жетүү;

·       эсептеги акча каражаттарын башкаруу;

·       корпоративдик картанын колдонулушун көзөмөлдөп жана тууралоо.

“Элкарт Бизнес” улуттук төлөм системасынын алкагында күнүмдүк ишкерлик милдеттер үчүн түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Кыргызстанда 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, иш сапарга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов катышты. Министр журналисттердин суроолоруна жооп

Бишкектин айрым жерлеринде суу токтотулат

Бишкектин айрым жерлеринде суу токтотулат

20-августта саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Суу төмөнкү жерлерде токтотулат: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси

Бишкектеги Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында 20-августта жол оңдоо иштерине байланыштуу Бакаев көчөсүнүн Л. Толстой көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсү Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул тилкеде жол куруу жана оңдоо, ошондой эле ага байланыштуу инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт. Жол кыймылына убактылуу чектөө киргизүү иштерди коопсуз жана сапаттуу жүргүзүүнү

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу