Банк секторунун депозиттик базасы 2025-жылдын 11 айында 38,8 % өскөн

Банк секторунун депозиттик базасы 2025-жылдын 11 айында 38,8 % өскөн

Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 2025-жылдын  башынан декабрь айына чейин 38,8 % өсүү менен 822,4 млрд сомду түзгөн.

Бул тууралуу КР Улуттук банкынын 2025-жылдын 30-ноябрына карата банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу маалыматында белгилеген. Билдирүүгө караганда, көрсөтүлгөн датага карата, КРда 21 коммерциялык банк жана алардын филиалдары иштеп турган. Коммерциялык банктардын депозиттик базасын кийинкилер түзгөн:

юридикалык жактардын депозиттери

369,8 млрд сом

жеке адамдардын депозиттери

261,7 млрд сом

бийлик органдарынын депозиттери

87,3 млрд сом

резидент эместердин депозиттери

94,0 млрд сом

башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери

9,6 млрд сом

КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы да ай сайын көбөйүп жаткандыгын КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирген.

Анын айтымында, Депозиттерди коргоо фонду өз каражаттарынын эсебинен туруктуу өсүүнү камсыздап келе жатат. Ага ылайык, 2025-жылдын он бир айында эле Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 1 783 037,0 миң сомго же 23,9% ɵскөн.  

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media
Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды

Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында өткөн Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык жумушчу тобунун (ISAR) 43-сессиясына катышты. Аталган мекеменин маалыматына караганда, үч күнгө созулган жыйындын жүрүшүндө финансылык отчеттуулукту өркүндөтүү, туруктуу өнүгүү боюнча маалыматтарды ачыкка

Ишкер Media