Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун долбоорун тааныштырды.

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, Дүйнөлүк банк буга чейин 120 млн доллар бөлгөн "Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы кошумча 7,3 млрд жапон йенин, башкача айтканда 50 млн доллар бөлөт.

Кредит 32 жылдык мөөнөткө берилет, анын ичинен 7 жыл 6 айы өзгөрмө пайыздык чен менен каралган. Министрдин орун басарынын айтымында, пайыздык ставка 1%ды түзөт.

Чиновниктин белгилешинче, бул каражаттар чакан жана орто бизнеске "жашыл долбоорлорду" колдоо максатында берилет. 100 миң сомдон 50 млн сомго чейин болгон насыялар ишкерлерге 5 жылдык мөөнөткө, жылдык 8% менен берилмекчи.

Нурбек Акжолов Дүйнөлүк банк бөлгөн 120 млн долларлык каражаттар февраль айынын башынан тартып ишкерлерге бериле баштаганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media