Кыргызстандын эки банкы Евробиримдиктин санкциясына кабылышы мүмкүн

Кыргызстандын эки банкы Евробиримдиктин санкциясына кабылышы мүмкүн

9-февралда Евробиримдик (ЕБ) Россияга каршы санкцияларды кеңейтүүнү сунуштап, алардын курамына Россиянын мунайы өтүп жаткан Грузия менен Индонезиянын портторун киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле Россияга криптоактивдер тармагында кызмат көрсөтүп жаткандыгы үчүн санкциялык тизмеге Кыргызстандын эки банкы — «Керемет Банк» ААК жана «Капитал Банк» ААК кошуу каралган. Бул тууралуу эл аралык Reuters МАнен кабарлашты. 

Билдирүүгө караганда, бул чаралар Россиянын Украинага каршы согушуна байланыштуу ЕБтин 20-санкциялык пакетинин бир бөлүгү болуп саналат. Пакет ЕБнин дипломатиялык кызматы, Европа тышкы аракеттер кызматы (EEAS) жана Европа комиссиясы тарабынан биргелешип иштелип чыгып, кече  күнү ЕБ өлкөлөрүнө сунушталган. Санкцияларды мыйзам катары кабыл алуу үчүн ЕБде бир добуштан чечим кабыл алынышы талап кылынат.

Сунушта үчүнчү өлкөгө карата санкцияларды айланып өтүүгө каршы инструментти биринчи жолу колдонуу каралган. Жаңы чектөөлөр Кыргызстанга металл иштетүүчү станокторду жана үн, сүрөт жана маалыматтарды берүүчү байланыш каражаттарын — мисалы, модемдерди жана маршрутизаторлорду сатууга тыюу салат.

ЕБ ошондой эле Лаос жана Тажикстандагы банктарды санкциялык тизмеге кошууну, ошол эле учурда Кытайдын эки банкын тизмеден чыгарууну сунуштады. Эгер сунуш жактырылса, жогоруда аталган банктарга ЕБдеги жеке жана юридикалык жактар менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Европа тышкы аракеттер кызматы санкциялык тизмеге 30 жеке адамды жана 64 компанияны кошууну да сунуштады.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңге жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти. Адылбек Касымалиев кеңешмеде

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, реалдуу

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 7-13-август аралыгында өлкө боюнча 36 536 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын ичинен 534 айдоочу унааны мас абалында башкарса, 1 003 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 2 129 ылдамдыкты ашыруу, 288 унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды