Улуттук банк эсептик ченди 12% жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 12% жогорулатты

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 23-февралында эсептик ченди 100 базистик пунктка 12,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алып, бул чечим бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

Мындай маалыматты бүгүн Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, тышкы экономикалык чөйрөдө абал бир калыпта болбой, мурдагыдай эле белгисиздик жагдай жогору бойдон калууда.

“Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда товарлардын негизги түрлөрүнө баалардын өсүш арымынын акырындык менен басаңдашы байкалууда, бирок КРнын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляция жогору бойдон сакталып турат. Айтсак, РФда инфляциянын деңгээли 5,9%, Казакстанда 12,2%, Өзбекистанда 7,2% болуп турат. Жалпысынан инфляция глобалдуу проблема болуп саналат. Ошондуктан аны менен аймактар бардык өлкөлөр кездешип жатат. Биздин көз карашыбыз боюнча эсептик чендин 12% тегерегинде кармалышы КРнын экономикасы үчүн оптималдуу шарт болуп саналат. Бул орто мөөнөттүү келечекте инфляциялык фондо биздин максаттарга жетүүгө, инфляциянын деңгээлин 5,7% кармоого жардам берет” – деп билдирди, Козубеков.

 2026-жылдын январь айында өлкөнүн реалдуу ИДӨсү 9,0% өскөн. Экономикалык жигердүүлүк, мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүлөр жана курулуш секторунда белгиленген. Негизги капиталга инвестициялар жогору деңгээлде сакталып турууда, бул инфраструктуралык долбоорлордун кеңейишине түрткү берет. Ал эми калктын реалдуу кирешесинин өсүшү жана керектөө кредиттеринин көбөйүшү ички суроо-талапка өбөлгө түзүп жатат.  

Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын айтымында, экономикада инфляцияга түрткү берүүчү факторлордун пайда болушунун, ИДӨдөгү ажырымдын көбөйүшүнүн жана керектөө суроо-талабынын өсүшүнүн натыйжасында, бүгүнкү күндө инфляциянын басаңдашы үчүн туруктуу шарттарды түзүү максатында акча-кредит шарттарын катуулатуу зарыл болду. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү 12,00 пайызга чейин жогорулатылды.

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media