Улуттук банк "Карт Флай" ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети "Карт Флай" жоопкерчилиги чектелген коомунун эки лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 2026-жылдын 27-февралында кабыл алынган. Ага ылайык, компанияга 2024-жылдын 15-ноябрында берилген лицензиялар 2025-жылдын 27-февралынан тартып кайтарылып алынган.
Кайтарылып алынган лицензиялар төмөнкү кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу болгон:
үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү;
маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү.
Улуттук банк бул чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысына байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.