Бишкекте BIFF 2026 эл аралык каржы форуму өтүп жатат

Бишкекте BIFF 2026 эл аралык каржы форуму өтүп жатат

Бүгүн Бишкек шаарында Bishkek International Finance Forum (BIFF 2026) эл аралык каржы форуму өтүп жатат. Ага мамлекеттик органдардын, банк секторунун, финтех-компаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. 

Форумдун негизги темасы – “Санариптик трансформация доорундагы финансы: коопсуздук, инновация жана ишеним”. Иш-чаранын алкагында санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү, киберкоопсуздукту күчөтүү, жасалма интеллектти колдонуу, криптоактивдер жана каржы экосистемаларын түзүү маселелери талкууланууда.

Иш-чаранын ачылышында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда санариптик экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, форум каржы секторундагы туруктуу өнүгүү, заманбап технологияларды киргизүү жана инновацияларды талкуулоочу маанилүү аянтчага айланды.

Ал акыркы жылдары форумга катышуучулардын саны көбөйүп, эл аралык географиясы кеңейип жатканын белгилеп, өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү, электрондук мамлекеттик кызматтарды кеңейтүү жана заманбап банктык технологияларды киргизүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын айтты.

“Санариптик трансформациянын негизги элементтеринин бири болуп мамлекеттик органдар, каржы уюмдары жана санариптик экосистеманын башка катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздаган “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы саналат”, – деди Касымалиев.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөдө санариптик сомду киргизүү боюнча стратегиялык долбоор ишке ашырылып жатканын маалымдады.

“2025-жылдын апрель айынан тартып санариптик сомду ишке киргизүү боюнча маанилүү стратегиялык долбоор башталды. Ал толук кандуу ишке киргенден кийин төлөмдөрдүн ыкчамдуулугун, ачыктыгын жана коопсуздугун камсыз кылат деп ишенебиз”, – деди ал.

Иш-чаранын модератору жана Кыргызстандын Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев BIFF аянтчасы каржы секторундагы актуалдуу маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашууга багытталганын белгиледи.

Анын айтымында, форумдун негизги максаты – каржы рыногунун өкүлдөрүнүн ортосунда ачык диалог түзүп, заманбап чакырыктарга биргелешип жооп издөө.

“Биз үчүн эң маанилүүсү – диалог. Форум тажрыйба алмашып, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун ачык талкуулаган аянтча болушу керек. Кыргызстан дагы өз тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар”, – деди Абдраев.

Ал ошондой эле форумдун катышуучуларынын географиясы жылдан-жылга кеңейип жатканын белгилеп, мындай жолугушуулар жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана каржы секторунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев дүйнөлүк экономика жана каржы сектору болуп көрбөгөндөй ылдам өзгөрүп жатканын белгилеп, бул процессте санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана жаңы финансылык сервистер негизги кыймылдаткыч күчкө айланып жатканын айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө банк сектору жөн гана финансылык кызмат көрсөтүүчү тармак болбостон, экономиканын жаңы архитектурасын түзүп жаткан негизги институттардын бирине айланды.

“Мурда Финансы министрлигинде иштеп жүргөндө бюджеттик агымдарды башкаруу мамлекеттин эң маанилүү функцияларынын бири деп эсептечүмүн. Бирок анын мүмкүнчүлүктөрү бюджеттин алкагы менен чектелет. Ал эми бүгүнкү банк сектору экономиканын дээрлик бардык багыттарын камтып, бизнес менен жарандардын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды”, – деди Алмаз Бакетаев.

Улуттук банктын төрагасы ошондой эле Кыргызстандын банк сектору аймактык деңгээлден чыгып, эл аралык рыноктордо дагы атаандаштыкка жөндөмдүү болууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.

Пленардык жыйында эксперттер каржы секторунун санариптик келечеги, инновациялык төлөм чечимдери жана каржы инфраструктурасынын туруктуулугу тууралуу пикир алышты.

Ошондой эле форумдун алкагында киберкоопсуздук, алдамчылыкка каршы күрөшүү, санариптик активдер жана жаңы муундагы банктык технологияларга арналган панелдик талкуулар болууда.

"Ишкер Медиа" сайты – BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун расмий маалыматтык өнөктөшү. Форум 29-майда Бишкек шаарында өтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI жана Элкарт+ менен тик учакта учуу мүмкүнчүлүгүн утуп алыңыз!

BAKAI жана Элкарт+ менен тик учакта учуу мүмкүнчүлүгүн утуп алыңыз!

BAKAI сизди "BAKAI Элкарт+ менен ар дайым утуш" акциясына катышууга чакырат жана Ала-Арчанын кооз жаратылышын тик учак менен асмандан көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Акцияга катышуу үчүн күнүмдүк сатып алууларыңызга Элкарт+ картасы менен 500 сомдон жогору суммада төлөсөңүз жетиштүү. Ар бир сатып алууңуз сизди Ала-Арчанын кооз көрүнүштөрүн тик

Ошто 312 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Ошто 312 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин бири болгон №33 С. Алыкулов атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулат. Ал 312 окуучугаылайыкталып, жалпы аянты 3 840 чарчы метрди түзөт. Имаратта окуучулардын

Бишкекте курулуштагы мыйзам бузуу үчүн 200 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуштагы мыйзам бузуу үчүн 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарынын Жусуп Мамай көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан 20 кабаттуу турак жай комплексинин курулушунда текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө казылган жердин (котловандын) капталдарын бекемдөөчү тирөөч конструкцияларды орнотууда коопсуздук талаптары толук сакталбаганы аныкталган. Ошондой эле

Гүлдөн той жасалгасына чейин: бир эмгеги 90 миң сом киреше алып келген декоратор айым

Гүлдөн той жасалгасына чейин: бир эмгеги 90 миң сом киреше алып келген декоратор айым

Даярын сатып алуунун ордуна жаңы жасалгаларды ойлоп таап, башкалардан айырмаланган эмгектери менен декор тармагына өзгөчө өңүт алып келген баткендик айым бүгүн бул өнөрүн туруктуу бизнеске айландырган. Алсак, той мезгилинде бир буйрутмадан 80-90 миң сом таза киреше табат. Гүл жасоодон баштап, чоң тойлорду жасалгалоого чейин өздөштүргөн Сүйдүмкан Талантбек кызы бизге