Visa: Санариптик технологиялар ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу керек

Visa: Санариптик технологиялар ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу керек

Кыргызстан акыркы жылдары санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүүдө олуттуу секирик жасап, айрым финансы кызматтарын дүйнөдө алгачкылардан болуп ишке киргизген өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун алкагында Visa компаниясынын Борбор Азия боюнча вице-президенти жана аймактык менеджери Санжар Сулейманов билдирди.

Анын айтымында, Visa акыркы жылдары банктар, финтех-компаниялар жана рыноктун башка катышуучулары менен биргеликте жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап төлөм чечимдерин иштеп чыгып келет.

"Биз санариптик төлөмдөрдүн өнүгүшү экономиканын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет деп ишенебиз. Ал жөнөкөй жаранга дагы, чакан бизнеске дагы, ири компанияларга дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Санариптик төлөмдөр кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылып, финансылык операцияларды тездетет жана бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт", — деди Сулейманов.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда Улуттук банк жана мамлекеттик органдар тарабынан санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Натыйжада жарандар көптөгөн кызматтарды онлайн алып, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн аралыктан төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Visa өкүлүнүн айтымында, технологиялык өнүгүүнүн негизги максаты — инновацияларды адамдар үчүн жеткиликтүү кылуу.

"Эгер санариптик технологиялар жана инновациялар жөнөкөй адамдар үчүн жеткиликтүү болбосо, анда аларды өнүктүрүүнүн өзү деле чоң мааниге ээ эмес. Ошондуктан биздин негизги максат — заманбап финансылык кызматтарды ар бир колдонуучуга жеткирүү жана алардын жашоосун жеңилдетүү", — деди ал.

Сулеймановдун айтымында, компания мындан ары дагы төлөм индустриясына инвестиция салууну улантып, жергиликтүү рынокко дүйнөлүк тажрыйбаларды алып келүүгө көмөктөшөт.

Анын айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Ал белгилегендей, Visa жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте айрым инновациялык төлөм чечимдерин Кыргызстанда алгачкылардан болуп ишке киргизген.

"Акыркы жылдары биз бир катар жаңы сервистерди ишке киргиздик. Алардын айрымдары регион үчүн эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде дагы алгачкы долбоорлордун катарына кирет. Бул Кыргызстандын финансы сектору инновацияларга ачык экенин жана жаңы технологияларды тез өздөштүрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат", — деди Сулейманов.

Анын айтымында, мындай жыйынтыктар банктар, финтех-компаниялар, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракетинин натыйжасы болуп саналат. Ошондуктан компания мындан ары дагы өлкөдөгү төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция салып, дүйнөлүк тажрыйбаларды жергиликтүү рынокко алып келүүнү улантат.

Мындан тышкары, Санжар Сулейманов BIFF форуму жаңы идеяларды талкуулоого жана рыноктун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча экенин белгилеп, мындай жолугушуулар бир жылдан кийин реалдуу долбоорлорго айланган демилгелердин жаралышына шарт түзөрүн айтты.

Анын пикиринде, банк сектору, финтех-компаниялар жана жөнгө салуучулар ортосундагы ачык диалог санариптик трансформацияны тездетүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат.

"Ишкер Медиа" сайты – BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун расмий маалыматтык өнөктөшү. Форум 29-майда Бишкек шаарында өтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media